Редакцияот 10.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын

1-кезектүү сессиясы

 

 2023-жылдын 10-апрели № 1/4

Кара-Суу айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө  Жобону бекитүү жөнүндө

(2023-жылдын 22-сентябрындагы 1/9 токтому менен өзгөртүү киргизилген)

 

 Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 451-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Кара-Суу айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө  Жобо 1,2-тиркемелери менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет)

2. Кара-Суу айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын сандык курамы 5 (беш), протокол түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын сандык курамы       5 (беш) адам менен 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. (2-тиркеме тиркелет)

 

 

Төрага

Ж Иманкулов

 

                                                                                                                                          2-тиркеме

                                                                                БЕКИТИЛДИ

                                                                                             Кара-Суу айылдык Кеңешинин

                                                                                             2023-жылдын 10-апрелиндеги

                                                                                             №1/4 токтому менен

 

(2023-жылдын 22-сентябрындагы 1/9 токтому менен өзгөртүү киргизилген)

Укук бузуулар жөнүндөгү протоколдорду түзүүгө ыйгарым укук берилген кызматкерлер:

·         А Манапов- айыл өкмөтүнүн жетектөөчө адиси –ЕРНге жооптуу

·         Ж Үшүмбаев- айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси-оператор

·         М Садыков- сектор башчы- оператор

·         У Бегимбаев- айыл башчы- оператор

·         Р Кадыралиев- айыл өкмөтүнүн МИ кызматкери- оператор

·         К Шааев- айыл башчы- оператор

·         А Туюкбаев- айыл башчы- оператор

·         Б Алыбеков- жетектөөчү адис- оператор

 

Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу  комиссия

·         Төрагасы- Б Мамытов айыл өкмөтүнүн орун басары

·         Катчысы- М Самтыров айыл өкмөтүнүн башкы адиси

Мүчөлөрү:

·         Р Исмаилов- айыл өкмөтүнүн башкы адиси

·         У Үсөн уулу- мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

·         Н Үсөналиева- бөлүм башчы.