КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын
1-кезектүү сессиясы
2023-жылдын 10-апрели № 1/4
Кара-Суу айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
(2023-жылдын 22-сентябрындагы 1/9 токтому менен өзгөртүү киргизилген)
Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 451-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө Жобо 1,2-тиркемелери менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет)
2. Кара-Суу айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын сандык курамы 5 (беш), протокол түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын сандык курамы 5 (беш) адам менен 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. (2-тиркеме тиркелет)
Төрага | Ж Иманкулов |
2-тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин
2023-жылдын 10-апрелиндеги
№1/4 токтому менен
(2023-жылдын 22-сентябрындагы 1/9 токтому менен өзгөртүү киргизилген)
Укук бузуулар жөнүндөгү протоколдорду түзүүгө ыйгарым укук берилген кызматкерлер:
· А Манапов- айыл өкмөтүнүн жетектөөчө адиси –ЕРНге жооптуу
· Ж Үшүмбаев- айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси-оператор
· М Садыков- сектор башчы- оператор
· У Бегимбаев- айыл башчы- оператор
· Р Кадыралиев- айыл өкмөтүнүн МИ кызматкери- оператор
· К Шааев- айыл башчы- оператор
· А Туюкбаев- айыл башчы- оператор
· Б Алыбеков- жетектөөчү адис- оператор
Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссия
· Төрагасы- Б Мамытов айыл өкмөтүнүн орун басары
· Катчысы- М Самтыров айыл өкмөтүнүн башкы адиси
Мүчөлөрү:
· Р Исмаилов- айыл өкмөтүнүн башкы адиси
· У Үсөн уулу- мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис
· Н Үсөналиева- бөлүм башчы.