Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 44
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин андан ары ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентинде:
- 3-пункттун 5-пунктчасында "АИСтин ээси аныктоочу," деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Регламенттин милдети мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында өз ара иштешүүнүн катышуучуларынын конкреттүү иш-аракеттерин аныктоо болуп саналат.";
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануучу АИСтин ээсине ар бир жеке пайдалануучу үчүн ал жүзөгө ашыруучу төмөнкү функцияларга ылайык "Коопсуз шаар" АИСти пайдаланууга укук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу кайрылат:".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бул Тартип "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.";
- 2-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) администрациялануучу эсеп - укук бузууларды, анын ичинде муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн ачылган эсеп;";
- 3-5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды жыйноо боюнча администрациялануучу эсепти (мындан ары - администрациялануучу эсеп) ачууга уруксат берилет.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын администрациялануучу эсебине каражаттар жеке жана юридикалык жактар тарабынан "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн иш жүзүндө төлөнгөн айыптардан түшөт.
5. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптарды төлөөдөн түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу автоматтык режимде жүзөгө ашырылат.";
- 8-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруучу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз компетенциясынын чегинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин алкагында, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн келишимдерге ылайык, конкурстун/конкурстардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык подрядчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жана толугу менен бөлүү үчүн минималдуу айыптын суммасынан ашпастан АПКны техникалык тейлөөгө (АПКда фиксацияланган айыптар боюнча гана);";
- 9, 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттары бөлүштүрүлгөндөн кийин укук бузууларды, анын ичинен мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптардын калган суммалары төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
1) АПК аркылуу фиксацияланган:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине - маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борборун күтүүгө жана модернизациялоого (мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу компоненттердин алкагында гана), анын ичинде материалдык-техникалык камсыздоо жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн 3%;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына - стационардык АПК орнотуу каралган жол инфратүзүмүнүн, кесилиштердин жана мобилдик системалардын элементтерин талаптагыдай абалга келтирүү менен байланышкан чыгымдарга, анын ичинде материалдык-техникалык камсыздоо жана кызматкерлерге материалдык дем берүү үчүн 15%;
2) Укук бузуулардын бирдиктүү реестриндеги айыптар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өз компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга жана кызматкерлерге материалдык дем берүүгө 13% өлчөмүндө бөлүштүрүлөт (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын, Кыргыз Республикасынын сотторун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгын кошпогондо);
3) укук бузуу үчүн айып ыктыярдуу түрдө төлөнбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине - мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн, материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга жана кызматкерлерге материалдык дем берүүгө 5% өлчөмүндө.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинен, Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында түшкөн каражаттардын калдыгы, сумма жана алар боюнча эсептелген айыптар республикалык маанидеги жолдордо бузуулар фиксацияланган учурда республикалык бюджетке жана тийиштүү муниципалитеттердин аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда бузуулар фиксацияланса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине эсепке киргизилет.
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин жана Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагында өндүрүлгөн айыптар боюнча салынуучу туум толук көлөмдө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары:
1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында адистештирилген техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык, үзгүлтүксүз түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс жарыялоо үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзсүн;
2) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында адистештирилген техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык, үзгүлтүксүз түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга техникалык тапшырманы иштеп чыгууда "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы менен аппараттык-программалык комплекстерден маалымат берүү үчүн колдонулуучу автоматташтырылган маалыматтык системаларды интеграциялоонун техникалык мүмкүнчүлүгүн карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууда ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органдарына консультациялык жардам көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 44
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин андан ары ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомунун редакциясына ылайык)
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентинде:
- 3-пункттун 5-пунктчасында "АИСтин ээси аныктоочу," деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Регламенттин милдети мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында өз ара иштешүүнүн катышуучуларынын конкреттүү иш-аракеттерин аныктоо болуп саналат.";
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануучу АИСтин ээсине ар бир жеке пайдалануучу үчүн ал жүзөгө ашыруучу төмөнкү функцияларга ылайык "Коопсуз шаар" АИСти пайдаланууга укук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу кайрылат:".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык күчүн жоготту)