Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 26-январы № 7

 

Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебинин

кайрылуулары жөнүндө

 

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезексиз 18-сессиясы Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебинин директору Б.Назаралиевдин кайрылууларын угуп,талкуулап чыгып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебинин жетилген теректерин кесүүгө макулдук берилсин.

2. Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебинин директору Б.Назаралиев КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик Агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесүүгө макулдук суралсын.

3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жана ӨК боюнча башкы адиси К.Тургуновго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго тапшырылсын.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

К.Жорготаев