АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-январы № 8
Акназаров айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражат
бөлүгүнүн чыгашадан ашкан кирешесин чыгымдоо
жөнүндө
Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезексиз 18-сессиясы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. 2023-жылдын финансы жыйынтыгы менен бала бакча бөлүмүнөн атайын каражаттан чыгашадан ашкан кирешеси -1400 сом акча каражатын ушул эле бала бакча бөлүмүнүн атайын каражат (2218) статьясына тамак аш чыгымына төлөнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетине (справка уведомление) аркылуу тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы комиссиясынын төрагасы М.Арыкбаевге тапшырылсын.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев |