Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-февралы № 1

 

Ижарага теректерди алып жүргөн Маданият айылынын

ижарачыларынын кайрылуулары жөнүндө

 

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 12-февралындагы кезексиз 19-сессиясы, Маданият айылынын ижарачыларынын кайрылууларын угуп, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын тургундарына ижарага берилген теректеринин жетилген теректерин суюлтуп кесүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ижарачылар КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесүүгө макулдук сурашсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Э.Тургуновго жүктөлсүн.

 

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

К.Жорготаев