Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-февралы № 3

 

Акназаров айыл өкмөтүнүн Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкарамалыгына өтүп кеткен 50% айыл чарба мамлекеттик фондусундагы жерлеринин ижарага берүүдөгү колдонулуучу ижара акысынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө

 

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 12-февралындагы кезексиз 19-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнөн Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өтүп кеткен 50% айыл чарба мамлекеттик фондусундагы жерлеринин (АЧМФЖ) ижара акысынын өлчөмүн, ижара акы коэффициент формуласы боюнча бекитип берүү жөнүндөгү Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгын 2024-жылдын 1-февралындагы №01-3/33 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөн маселени карап талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы №120 НИ сандуу чыгарылган буйругунда көрсөтүлгөн коэффиценттик формуласын жетекчиликке алып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Акназаров айыл өкмөтүнөн Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өтүп кеткен 50% айыл чарба мамлекеттик фондусундагы жерлеринин (АЧМФЖ) ижара акысынын өлчөмү 30% коэффициент менен бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттарынын жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

К.Жорготаев