Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 8-9-10-февралы № 3

Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү

Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2023-жылдын 8-9-10-февралдарындагы кезектеги 10-сессиясы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Асылбековдун жайыт комитетинин 2023-жылга бюджети тууралуу маалыматын угуп, талкуулап токтом кылат:

 

 

1.Акназаров айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 686475 сом суммасында баланс менен бекитилсин.

 

2.Жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Асылбековго жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы комиссиясынын төрагасы М.Арыкбаевге тапшырылсын.

 

4.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Жорготаев