Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 16-февралы № 1

 

Акназаров айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү

бюджетин алымча кошумчасы менен бекитүү жөнүндө

 

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 16-февралындагы кезексиз 20-сессиясы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Акназаров айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин көлөмү киреше,чыгашасы менен 21 935,6 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.

 

Киреше бөлүгү, төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн (миң сом)

 

1. Тендөөчү грант

 

- 4 629,1 миң сом

2. Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

 

- 9 012,0 миң сом

3. Патенттин негизинде салык

 

- 170,0 миң сом

4. Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы

 

- 17,0 миң сом

5. Жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы

- 850,0 миң сом

6. Жанаша,короо жай жана багбанчылык-огород жер

 

 

 

участокторуна мүлк салыгы

 

- 422,0 миң сом

7. Айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы

 

 

8. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында

 

 

болбогон жерлерге мүлк салыгы

 

- 97,3 миң сом

9. А/чарба жерл.мамл.фонд. жерди пайд.үчүн ижара акысы

 

- 3 484,7 миң сом

10. Жайыт жерлеринин ижарасы үчүн

 

- 778,9 миң сом

11. Калкттуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

 

- 48,0 миң сом

12. Муниц.менчиктеги жайларды,имарат.ижарага алуу

 

- 15,0 миң сом

13. Мусор чогултууга (калктуу конуштардан)

 

- 66,6 миң сом

14. Атайын каражаттар (ата-эне төлөмү)

 

- 2 345,0 миң сом

 

Чыгаша бөлүгү – 21 935,6 миң сом өлчөмүндө, төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:

 

Башкаруу аппаратына

 

- 8 502,6 миң сом

Экономикалык маселелер

 

 

- 519,2 миң сом

 

Жарандык коргоо ж/а ӨК

 

- 200,0 миң сом

ЖКХ бөлүмүнө

 

- 5590,8 миң сом

Китепкана бөлүмүнө

 

- 393,2 миң сом

Айылдык клуб

 

- 671,1 миң сом

Билим берүү бөлүмүнө

 

- 712,6 миң сом

Бала-бакча бөлүмүнө

 

- 2 432,6 миң сом

 

Соц.коргоо бөлүмүнө

 

- 568,5 миң сом

 

Атайын каражат

 

- 2 345,0 миң сом

 

1. 2024-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын.(эмгек акы,с/ф,тамак-аш ж.б)

2. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте бекитилген сметадан ашып түшсө,ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү кошумча смета түзүү менен киргизүү жагы айылдык аймактык кенештин сессиясына сунушталып, планга тактоо киргизүү Каржы Министрлигинен суралсын.

3. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.

4. Бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде ,айылдык аймактык кеңешинин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.

5. Бөлүмдөр ичинде статьядан статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде ,айылдык аймактык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн макулдашуусунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.

6. КР 2018-жылдын 24-майындагы №54 мыйзамын жетекчиликке алып 2022-жылдын 20-январындагы №106 буйругуна ылайык, 2024-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен - 200,0 миң сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.

7. Ошондой эле КР «КР бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 21-статьясынын негизинде 2024-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 2 пайызынан ашпагандыгынын эсебинен айыл өкмөтүнүн ар кандай социалдык экономикалык маданий чыгымдарына -218,0 миң сом резервдик фонд түзүлүп ,айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.

8. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.

9. Салык кодексинин 197-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмүндөгү салыктар алынсын.

10. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын чегерүүнүн коэффициенти К,1=1,034 болуп, айыл чарба багытында жерлеринин жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти КL=1,034 болуп белгиленсин.

11. КР Өкмөтүнүн 30.05.2013-ж №302 токтомунун 1- пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим берүү министрлиги аркылуу каржыланаары белгиленсин.

12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин финансы жана бюджет комиссиясына тапшырылсын.

 

13. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

К.Жорготаев