АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 8-9-10-февралы № 5
Ижарага теректерди алып жүргөн ижарачы М.Найманбаевдин кайрылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2023-жылдын 8-9-10-февралдарындагы кезектеги 10-сессиясы, Көк-Таш айылынын тургуну ижарачы М.Найманбаевдин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1.Акназаров айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын жараны М.Найманбаевдин ижарага берилген теректерин кесүүгө макулдук берилсин.
2.М.Найманбаев КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесүүгө макулдук сурасын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн .
4.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |