Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-февралы № 1
Боо-Терек айыл өкмөтүнөн Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өтүп кеткен 50% Айыл чарба Мамлекеттик фондусундагы жерлеринин ижарага берүүдөгү колдонулуучу ижара акысынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
Боо-Терек айыл өкмөтүнөн Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өтүп кеткен 50% Айыл чарба Мамлекеттик фондусундагы жерлеринин (АЧМФЖ) ижара акысынын өлчөмүн, ижара акы коэффициент формуласы боюнча бекитип берүү жөнүндөгү Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2024-жылдын 1-февралындагы №01-3/33 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөн маселени талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы №120 НИ сандуу чыгарылган буйругунда көрсөтүлгөн коэффициенттик формуласын жетекчиликке алып Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXV кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнөн Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өтүп кеткен 50% Айыл чарба Мамлекеттик фондусундагы жерлеринин (АЧМФЖ) ижара акысынын өлчөмү, ижара акы коэффициент формуласы боюнча №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
2. Ижара акы өлчөмү жөнүндөгү, ижара акы коэффициент формуласы боюнча бекитилген №1 тиркемеге ылайык Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына маалымат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин депутаттарынын Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А |
|
| №1 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы №120 НИ чыгыш сандуу буйругунда көрсөтүлгөн коэффициенттик формуланын негизинде Боо-Терек айыл аймагындагы АЧМФЖ жерлеринин ижарага берүүдөгү колдонулуучу ижара акысынын өлчөмүн Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй аныктады:
Лот |
Контур |
Массивдин аталышы |
Суугаруу жолу |
Гектары |
Сунушталган коэффициент
|
1 | 7 | Кош-Арык | Талас дарыясынан кеткен (Жики арык каналы) | 5,2 | 20 |
2 | 8811 | Айтыш | Күмүштактын өзөнү жана насос | 10 | 10 |
3 | 8811 | Айтыш | Күмүштактын өзөнү жана насос | 10 | 10 |
4 | 1007 | Соттолгон жер | Күмүштактын өзөнү | 10 | 30 |
5 | 1007 | Соттолгон жер | Күмүштактын өзөнү | 10 | 30 |
6 | 848 | Көтөрмө Алакчын | Насос | 8,7 | 20 |
7 | 857 | Алтын-Төбө | Насос | 8,0 | 10 |
8 | 8571 | Тынай-Дрен | Насос | 9,0 | 10 |
Жалпы айыл аймак боюнча |
|
|
| 70,9 |
|
Боо-Терек айылдык Кеңешинин төрагасы |
| Мамыралиев А. |