КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-январы № 28-34/1
Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруунун балансына имаратты, жер тилкеси менен кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 11-январындагы, чыг.№01-16-54, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин балансынан, Каракол шаарынын жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруусунун балансына, Каракол шаары, Гебзе кѳчѳсʏ, №84 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты, 942,8 м2 болгон, турак эмес, аянты 5604,0 м2 тʏзгѳн жер тилкеси менен, мурда «Ысык-Кѳл Инвестбанк» ААКга караган имаратты, алуусуна макулдук берилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов