Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-февралы № 2
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасынын багытын өзгөртүп иштетүү жөнүндө.
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасынын багытын өзгөртүпиштетүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терекайыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасынын багыты боюнча техникалык паспортун өзгөртүү, ошондой эле автоунаанын ичине жүргүнчү ташуучу отургучтарды сатып алып койдуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун биринчи пункту аткарылгандан кийин, Боо-Терек айыл аймагындагы Сүйүн-Апа жана Н.Молдалиев атындагы бала бакчаларына балдарды алып барып кайра үйлөрүнө жеткизүү үчүн жана ошондой эле Б.Сатыбеков жана Д.Дуйшебаев атындагы орто мектептеринин жана К.Осмонбеков атындагы №41 кесиптик лицейине керектүү учурда (олимпиадаларга, спартакиадаларга) окуучу балдарды ташуу үчүн колдонулсун.
3. Айдоочунун айлык акысы жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |