Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2024-жылдын 07-февралы № 3

 

Боо-Терек айыл аймагын кесип өткөн чоң Талас каналынын жээгинде жайгашкан №976 контурундагы Жайыт жерлерине караштуу жерге орноштурулган, “Жал” жана “Культурный” массивтерин суугат суу менен суугаруу үчүн суу сордуруучу насосту жана суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө.

Боо-Терек айыл аймагын кесип өткөн чоң Талас каналынын жээгинде жайгашкан №976 контурундагы Жайыт жерлерине караштуу жерге орноштурулган, “Жал” жана “Культурный” массивтерин суугат суу менен суугаруу үчүн суу сордуруучу насосту жана суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXV сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы №976 контурундагы Жайыт жерлерине караштуу жерге орноштурулган, суу сордуруучу насостун баланстык баасы жеке көз карандысыз баалоочулар тарабынан баалансын.

2. Баланстык баасы аныкталгандан кийин №970 контурундагы “Жал” жана №945, 946 контурундагы “Культурный” массивдериндеги жер үлүштөрдү суугаруу үчүн колдонулуп жаткан №976 контурунда жайгашкан Жайыт жерлерине караштуу жерге орноштурулган суу сордуруучу насос жана суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3. Айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл аймагындагы №976 контурунда жайгашкан суу сордуруучу насосту жана суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Талас облусунун суу чарба башкармалыгынан макулдук берүү тууралуу иш кагаздарын алдыруу жагы милдеттендирилсин.

4. Айыл аймагындагы №976 контурунда жайгашкан суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчына ошондой эле жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.