Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-сентябры № 14/01
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы иш чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондору өнүктүрүү боюнча андан аркы иш чаралар жөнүндө" ПЖ №350 Жарлыгындагы айыл өкмөттөрүн ирлештирүү тууралуу Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин ХІѴ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы иш чаралар жөнүндө" ПЖ №350 Жарлыгына ылайык, айыл өкмөттөрүн ирлештирүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартип жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевге жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Т. Мукарамов. |