КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын IX сессиясы
2024-жылдын 8-февралы № 9/3
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айылдарга
таштанды таштоочу жай уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айылындагы Кара-Талаа участкасындагы №1071 контурунан 1,5га жер аянтына таштанды таштоочу жай уюштуруу үчүн макулдук берилсин.
2. Ак-Чий айылындагы Айгыр-Жал участкасындагы №1276 контурунан 1,5га жер аянтына таштанды таштоочу жай уюштуруу үчүн макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Кемелов |