Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын IX сессиясы

 

2024-жылдын 8-февралы № 9/4 

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча тарификациясын бекитүү жөнүндө. 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде   Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

1.                  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага ала турчу үрөнчүлүк  асыл тукум чарбалар, айыл чарба кооперативдер жана айыл чарбасынын экономикалык жана артыкчылыктуу жеке субъектилерге мөөнөтү бүткөн 50% мамлекеттик фондунун жерлеринин эептөө тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:

Ак-Талаа районунун салыктык базалык ставкасы 102,50сом. Ижарага алынууучу суу баскан рентабелдүү жер аянты 30% коэффицент, суу оор баскан жер аянты 20% коэффицент жана кайрак жер аянты 10% коэффицент менен эсептелинет.

Ошондо 1га жер аянты үчүн    102,50сом*30%= 3075 сом

1га жер аянты үчүн  102,50сом*20%= 2050сом 

1га жер аянты үчүн 102,50сом*10%=10%=1025 сом  

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Кемелов