Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын IX сессиясы

 

2024-жылдын 8-февралы № 9/5 

Кара-Бүргөн айылындагы Кирпич участкасындагы жайгашкан

БСРди (суткалык жөнгө салуучу суу бассейни) жана БСРге тиешелүү

 2км аралыктагы каналды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө 

 

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын  негизинде    Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

1.Кара-Бүргөн айылындагы   Кирпич  участкасындагы 2006-жылдагы    туташ                        каттоодо 4-01-04-0002-0055 коду менен катталган муниципалдык менчиктеги суткалык жөнгө салуу    бассейни (БСР)  жана ага тиешелүү  2км суу өтүүчү  арык Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн   муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2.Кара-Бүргөн айылындагы   Кирпич  участкасындагы муниципалдык менчиктеги суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСРди) жана ага тиешелүү болгон 2 км суу өтүүчү арыкты тийиштүү укук ырастоочу документтери менен камсыздоо жагы                            Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Тийиштүү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин Кара-Бүргөн айылындагы   Кирпич  участкасындагы суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСРди) жана ага тиешелүү болгон 2 км суу өтүүчү арыкты  Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын менчигине өткөрүлүп берилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Кемелов