Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 643
Атмосфералык абаны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктардын Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын борборунда атмосфералык абаны коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарында 2 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаарынын чегинде атмосфералык абаны, анын ичинде транспорттук жана башка кыймылдуу каражаттарды эксплуатациялоого чыгарууда жана эксплуатациялоодо коргоонун регламенттеринин, ченемдеринин, эрежелеринин жана башка талаптарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарынын Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзүү жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясына пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарынын аймагында ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн атмосфералык абаны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар берилет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- Бишкек шаарынын мэриясына пилоттук долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомду аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү, анын ичинде кызматкерлердин тийиштүү штатын, пилоттук долбоорду ишке ашырууну материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону кароо;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Жапаров |