Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

 

2024-жылдын 12-февралы  № 14/1

 

 

Жер участогун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ 

 

Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жɵнүндɵ» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн  19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо)  жɵнүндɵ» убактылуу Жобого ылайык, Дɵбɵлү айыл аймагынын  айылдык кещешинин сессиясы токтом кылат:

1.           Дɵбɵлү айыл амагынын Эки-Нарын айылындагы “Жал-Арык” участкасындагы № 593 контурундагы 4,0 га “Сугат айдоо” түрүндɵгү  жер аянтын “Калктуу конуштардын жерлери ” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Дɵбɵлү айыл ɵкмɵтүнүн  башчысы К.Усуповго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду каттоодон ɵткɵрүп, dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик рээстрине  киргизүү үчүн  Нарын облустук юстиция  башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.

 

 

 

Тѳрага

К. Субанбеков