Редакцияот 28.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОБОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVIII  чакырылышынын XVI сессиясы

 

2024-жылдын 28-февралы № 16/2

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык  акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

         Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл  аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2024-жылдын 1-январына карата калдык     акча каражатынын көлөмү 5895,8  сомго бекитилсин.

2.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык     акча каражатынан  1404,4 сомго   төмөндөгүдөй муктаждыктарга   жумшалсын.

№

Мазмуну

Сумма

1

Бала бакчалардын ысык тамагына

1004,4

2

МЧС

200,0

3

Социалдык маселелерге

200,0

Баары

1404,4

 

3. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.

4. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн  жоопту катчысы   Ж. Касымова милдеттендирилсин.

5.Бул  токтомдун аткарылышын  Дөбөлү  айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

К. Субанбеков