Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI сессиясы
2024-жылдын 28-февралы № 16/6
Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекте балдар тургандыктан бештен баланы кошуп иш алып баруусу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу бештен баланы кошуп иш алып баруусуна макулдук берүү максатында токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу беш баланы кошуп иш алып баруусуна макулдук берилсин.
2.Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу бештен баланы кошуп иш алып барууда Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн тиешлүү документтерди бүткөрүп иш алып баруу жагы Бала-Нур бала бакчанын жетекчиси Г. Ишеналиева, Кайынды келечек балдар бакчанын жетекчиси Н. Абдырахмановага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
К. Субанбеков |