Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-февралы №10/7
Муниципалдык менчикти
эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобо
Муниципалдык менчикти натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 18, 19-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу огандары жөнүндө” 34-беренесине ылайык, КР Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2023-жылдын 25-декабрындагы №358 буйругу менен “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2023-жылдын №358 буйругу менен “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин.
2.Бекитилген Жобонун 2-бөлүмүнө ылайык аткаруу жагы Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык менчикти башкаруу комиссиясынын курамы түзүлсүн.
3.Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү ВАЗ-21213, ВАЗ-21214, ВАЗ 21214, ГАЗ-3110 волга, Камаз 55111 маркасындагы автоунаалар муниципалдык эсептен чыгарылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Шерматовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Турдубеков |