ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 14-февралы №10/13
“Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишкананын тарифтерин
бекитип берүү жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эралиев Тилеген Кемелкановичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууга болгон тарифи түтүнгө 100 (жүз) сом болуп бекитилсин.
2. “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын таштанды чыгарууга болгон тарифи түтүнгө 50 (элүү) сом болуп бекитилсин.
3. “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын жайытка болгон тарифи мал башына бодо малга 100 (жүз) сомдон майда жандык (кой-эчкиге) башына 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.
4. “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын сугат сууга болгон тарифи 1 га жерге 250 (эки жүз элүү) сом болуп бекитилсин.
5. “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын техникалардын кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй белгиленсин жана бекитилсин.
1,0 га жер аянты үчүн:
- Жер айдоо – 1200 сом, 25 литр май
- Пресс – бир түк чөп 8 сом, 10 литр май
- Кадыралы айылы кум-6000 (алты миң) сом, шагыл-6000 (алты миң) сом, грунд (топурак) тартуу-4000 (төрт миң) сом.
- Кара-Ой айылы кум-5000 (алты мин) сом, шагыл-5000 (беш миң) сом, грунд (топурак) тартуу- 4000 (төрт миң) сом.
- Жаңы-Талап айылы кум-6000 (алты миң) сом, шагыл-, 5000 (беш миң) сом, грунд (топурак) тартуу-4000 (төрт миң) сом,
- Ак-Кыя айылы кум-5000 (беш миң) сом, шагыл -5000 (беш миң) сом, грунд (топурак) тартуу-4000 (төрт миң) сом.
- Ак-Тал айылы кум-4500 (төрт миң беш жүз) сом, шагыл-4500 (төрт миң беш жүз) сом, грунд (топурак) тартуу - 4000 (төрт миң) сом.
- Эксковатор менен суу киргизүү 1 метр 200 (эки жүз) сом
- Септик, даарат кана казуу 4,5 метр - 3000 (үч миң) сом
- Таза суу үчүн бир айга мал байлоо – 500 (беш жүз) сом
- Мончо жана башка ишканалар үчүн – 500 (беш жүз) сом болуп бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Турдубеков |