Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 726
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 2-беренесинин экинчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте:";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери мамлекеттик органдын буйругу/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими/тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн жооптуу башка өз алдынча мекеменин чечими менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоору төмөнкүлөр менен макулдашылууга тийиш:
- тийиштүү кызматты көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик органдар/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (өз ара аракеттенүү болгон учурда);
- санариптештирүү жаатындагы, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоору тиешелүү кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн веб-сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.";
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
1-главанын 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомунун же жергиликтүү кеңештин токтомунун" деген сөздөр "кызмат көрсөтүү стандартын бекитүү жөнүндө чечимдин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
- 54-6-пункттагы "жана административдик регламенттерин" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 2-пункттагы "жана административдик регламенттерин" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 12-пункттун экинчи абзацындагы "жана административдик регламенттерин" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пункттагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "жана административдик регламент" деген сөздөр алып салынсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Н.Жапаров |