Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-декабры № 672
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жол-жобосун тездетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
- 5411-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5411. Министрликтер, административдик ведомстволор жана компетенциясына мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер кирген аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасына кредиттерди, гранттарды, техникалык жана башка финансылык жардамды берүү жөнүндө, ошондой эле коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык келишимдерди кошпогондо, мындай эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштарды кол коюлган же эл аралык конференцияларда добуш берүү аркылуу кабыл алынган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет.
Кыргыз Республикасына кредиттерди, гранттарды, техникалык жана башка финансылык жардамды берүү жөнүндө, ошондой эле коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар кол коюлган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |