КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 12-февралынын №4
“Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, 2024-жылга иш планын, штаттык бирдигин жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, 2024-жылга иш планын, штаттык бирдигин жана бюджеттин бекитүү боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комитетинин кортундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIV-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жактырылсын.
2. “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга иш планы, штаттык бирдиги жана бюджетти бекитилсин.
3. Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансасында турган Сеитказы айылындагы суу скважинасын Гөлөгөн-Суу муниципалдык ишканасына өткөрүлүп, кызмат көсөтүү жагы Гөлөгөн-Суу муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчисин Г.Акышовага жана башкы эсепчисине милдеттендирилсин
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М. Канполотов |