Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 71
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Соода, тышкы соода иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу, ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- жогоруда аталган тиркеменин эскертүүсүнүн 4-пунктунун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 2-пунктта "4" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
- жогоруда аталган тиркеменин 1-пунктунун 2-пунктчасынын сегизинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |