КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 12-февралынын №8
“Кеңеш айыл өкмөтүнүн айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин инвентаризациялоо жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 12.02.2024-жылдагы № 01-17/158 сандуу катындагы Кеңеш айыл өкмөтүндөгү айыл чарба жерлерин, калктуу конуштар жана чек араларын инвентаризация жүргүзүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIV-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин, калктуу конуштар жана чек араларын инвентаризация жүргүзүү үчүн жыл ичинде 1 500 000 (бир жарым миллион) сом акча каражатын кароо жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана башкы эсепчиге милдеттендирилсин
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргызасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М. Канполотов |