Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 3-ноябры № 24/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
2022-жылдын 09-октябрында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында өтүлгөн №13 протоколунун жана «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2022-жылдын 09-октябрында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында өтүлгөн №13 протоколу менен Жаңы-Арык айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө сунушу жактырылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын аталышын, И.Умаров деп атоо жөнүндө Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге, көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө аламын.
Айылдык кеңештин төрагасы : |
М. Макенов |