Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 43 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби (мындан ары - Таргип) жарандардын кайрылуу эрежелерин, кошумча социалдык жөлөкпул (мындан ары - жөлөкпул) дайындоонун жана төлөөнүн тартибин белгилейт.
2. Бул Тартиптин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгон адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле жабыр тарткан адамдарга жайылтылат.
2-глава. Жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
3. Жөлөкпул дайындоо үчүн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле майыптыгы бар адам деп таанылган жабыр тарткан жарандар жашаган (катталган) жери боюнча райондук жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына (мындан ары - ЭСКМБ) кайрыла алат.
4. Жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылганда социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын маалымат базасынын (мындан ары - СЖКМС) тиешелүү эсепке алуу журналында арызды каттоо жүргүзүлөт.
5. Эгерде жөлөкпул дайындалууга тийиш болгон адам жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз болуп саналса, жөлөкпул дайындоо жөнүндө арыз анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, асырып алуучулары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү) тарабынан берилет.
6. Эгерде жашы жете элек адамдын мыйзамдуу өкүлү же аракетке жөндөмсүз адамдын камкорчусу болуп жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам дайыма болгон тиешелүү мекеме эсептелсе, жөлөкпул дайындоого арыз ошол мекеменин жайгашкан жери боюнча ЭСКМБга берилет.
7. Эгерде арыз ээси жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылганда ушул Тартиптин 13, 14-пункттарында көрсөтүлгөн зарыл документтер жок болсо, ЭСКМБ тарабынан арыз ээси кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аларды берүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө берилет.
3-глава. Жөлөкпул дайындоонун тартиби
8. Жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:
- балдарга - алар он алты жашка толгонго чейин; билим берүү мекемелеринин окуучуларына - алар он сегиз жашка толгонго чейин; башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине окутуу формасына карабастан алар жыйырма бир жашка толгонго чейин;
- ата-энелерине (атасына, энесине) - өмүр бою;
- иштебеген жана экинчи жолу никеге турбаган жесирлерге - өмүр бою;
- майып деп таанылган, жаракат жана мертинүү алган адамдарга - алар эмгекке жарамдуулугун калыбына келтиргенге чейин же өмүр бою.
9. Эгерде арыз жана бардык зарыл болгон документтерди берүү менен жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылуу аны алууга укук пайда болгон күндөн тартып он эки айдан кеч эмес берилсе, жөлөкпул кирешеге же башка социалдык төлөөлөргө (пенсияларга, жөлөкпулдарга ж.б.) карабастан ага укук пайда болгон күндөн тартып дайындалат.
10. Жөлөкпул дайындоо үчүн ага укук пайда болгон күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин кайрылган учурда, жөлөкпул эгерде бардык зарыл болгон документтер аны дайындоо үчүн кайрылган күндөн тартып эки айдын ичинде берилсе, жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат.
Зарыл болгон документтер эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин берилген учурда жөлөкпул акыркы документ берилген айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат.
М.Жөлөкпул дайындоо үчүн документтер ЭСКМБ тарабынан алар толук көлөмдө келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде каралат.
4-глава. Жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон документтер
12. Жөлөкпул дайындоо ушул Тартиптин тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү арыздын негизинде жүргүзүлөт, ага ушул Тартиптин 13, 14-пункттарында аталган бардык зарыл болгон документтер тиркелүүгө тийиш.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз жүзүндөгү документке барабар.
13. Курман болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөкпул дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт же ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документ;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- каза болгондугу жөнүндө күбөлүк;
- нике тууралуу күбөлүк;
- соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү, ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн окуяларда жабыр тарткан адам деп таануу жөнүндө ички иштер же прокуратура органдарынын маалымкаты;
- камкорчулук/көзөмөлчүлүк жөнүндө чечим - жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз жарандын камкорчусу/көзөмөлчүсү жөлөкпул үчүн кайрылган учурда;
- курман болгондун туулгандыгы тууралуу күбөлүк - курман болгон адамдын ата-энесинин жөлөкпул алуусу үчүн.
Эгерде жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган ата-энеде курман болгондун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, жөлөкпул жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталуучу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебинен көчүрмө берилген учурда дайындалат.
14. Майыптыгы бар адамдарга жөлөкпул дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт же ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк - майыптыгы бар жашы жете элек адамдар үчүн;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты.
15. Жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим СЖКМСда протокол менен таризделет. Жөлөкпул дайындоо жөнүндө СЖКМСдан басып чыгарылган протоколдун негизинде жөлөкпул төлөөгө документтер таризделет.
СЖКМСда техникалык мүчүлүштүктөн улам электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМСга киргизилет.
5-глава. Жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эсептөөнүн жана кайра эсептөөнүн тартиби
16. Жөлөкпул кырк беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө дайындалат.
17. Бийик тоолуу жана алыскы зоналардын жашоочуларына жөлөкпул райондук коэффициентти эсепке албастан дайындалат.
18. Жөлөкпулдарды кайра эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү өзгөртүлгөндө;
- алуучунун бири каза болгондо.
19. Жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн кайра эсептөө өзгөртүүлөр болгон айдын биринчи күнүнөн же жөлөкпулдардын өлчөмүн өзгөртүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыда көрсөтүлгөн датадан тартып жүргүзүлөт.
6-глава. Жөлөкпулду төлөөнү токтотуп туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу
20. Жөлөкпулду төлөө төмөнкү кошумча документтерди берүү зарыл болгондо токтотулуп турат:
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты - майыптыкты белгилөө мөөнөтү өткөндө;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин мөөнөтү өткөндө.
Токтотуп туруу арыз ээси зарыл болгон документтерди берүүгө тийиш болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
Кошумча документтер төлөм токтотулуп турган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш.
21. Эгерде кошумча документтер төлөм токтотуп коюлган учурдан тартып эки айдын ичинде берилбесе, жөлөкпулду төлөө токтотулат. Жөлөкпулду төлөө кошумча документ берилген айдын биринчи күнүнөн тартып калыбына келтирилет.
22. Жөлөкпулду төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- алуучу каза болгондо;
- алуучу республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткенде;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) талап кылынган документтерди өз убагында бербегенде;
- бала 16 жашка чыкканда, эгерде ал билим берүү мекемесинде же башталгыч кесиптик, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында окуусун токтотсо (окуучу сабактарды тездетилген түрдө окуган учурда);
- жалпы билим берүү мекемелеринде окуусун аяктаган окуучу 18 жашка чыкканда;
- башталгыч кесиптик окуу жайлардын окуучусу, орто жана жогорку кесиптик окуу жайдын студенттери 21 жашка чыкканда;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуу мөөнөтү аяктаганда;
- жесирлер кайрадан никеге турганда;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) тарабынан жөлөкпул алты айдын ичинде талап кылынбаганда.
7-глава. Жөлөкпулду төлөө тартиби
23. Жөлөкпулду төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө тартибин регламенттөөчү колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартибине тиркеме |
Форма
|
| (Райондун, шаардын аталышы) райондук (шаардык) ЭСКМБнын начальниги (райондук (шаардык) ЭСКМБнын начальнигинин аты-жөнү) |
Кошумча социалдык жөлөкпул дайындоого АРЫЗ
Мен (арыз ээсинин аты-жөнү) ________________ дареги боюнча жашаган, паспорттун сериясы ___________________ № ____________________, ___________________ тарабынан берилген, берилген дата ____________________, туулган дата __________________, кошумча социалдык жөлөкпул дайындоону өтүнөм(*):
Аты-жөнү | Арыз ээсине карата статусу (уулу, кызы, камкордукка алуучу) | курман болгон адамга карата статусу (уулу, кызы, атасы, апасы) |
(*) Таблица курман болгондун балдарына жана ата-энесине кошумча социалдык жөлөкпул таризделген учурда толтурулат.
Кошумча социалдык жөлөкпулду төлөөнү токтотууга же токтотуп турууга алып келген жагдайлар өзгөргөн учурда 5 күндүн ичинде райондук (шаардык) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына маалымдоого милдеттенем.
Арыз ээсинин колу _______________ толтурган дата ________________
Арызды кабыл алган адистин аты-жөнү жана колу ___________________