Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 80
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2026-жылдын 30-январындагы № 40
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) эки айлык мөөнөттө Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыксын жана бекитсин;
3) Программанын жана Иш-аракеттер планынын иш-чараларын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырсын;
4) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке берип турсун.
3. Программанын жана Иш-аракеттер планынын иш-чараларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
1) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте кабыл алынган Программанын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жана маалыматтык өнөктүктү жүргүзсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2026-жылдын 30-январындагы № 40 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Индикаторлор/күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) |
1-глава. Жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамаат - натыйжалуу ЖӨБдүн булагы | ||||||
1 | Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон укуктарын ишке ашыруу үчүн механизмдерди өнүктүрүү | Айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүгө жергиликтүү жамаатты тартуунун типтүү планын (коомдук-коммуникациялык стратегиясын) иштеп чыгуу | 2025-жылдын II кварталы | МКЖӨБМАнын чечими менен жергиликтүү жамаатты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуунун типтүү планы бекитилди жана ЖӨБ органдарына сунушталды. Айыл аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугу жогорулады жана ачык- айкындуулук камсыздалды, алардын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүүсү бекемделди. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ЖӨБОнун карамагында турган маалыматтарды алуусу камсыздалды | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде |
2 | ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугун жана ачыктыгын күчөтүү | ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн типтүү регламентин иштеп чыгуу | 2024-жылдын III кварталы | МКЖӨБМАнын чечими менен ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн жол-жоболорунун типтүү регламенти бекитилди жана ЖӨБ органдарына сунушталды | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде |
3 | ЖӨБ органдарын түзүү тартибин өркүндөтүү | 3.1. Жергиликтүү кеңештердин депутатына талапкерлерге мамлекеттик түзүлүш жөнүндө жана ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негиздерин билүүсүнө карата квалификациялык талаптарды киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү | 2024-жылдын IV кварталы | Жергиликтүү кеңештердин депутатына талапкерлерге талаптарды күчөткөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди | МКЖӨБМА, БШК (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
3.2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу | 2025-жылдын I кварталы | МКЖӨБМАнын чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамалары бекитилди жана ЖӨБ органдарына сунушталды. ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин функциялык милдеттери так бөлүштүрүлдү | МКЖӨБМА, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
2-глава. Натыйжалуу жана жергиликтүү жамааттын алдында жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | ||||||
4 | Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | 4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелердин мазмунун тактоо максатында талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын II кварталы | Жергиликтүү маанидеги маселелерге талдоо жүргүзүлдү жана алардын мазмунун тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштар киргизилди | МКЖӨБМА, ФМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
4.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон ЖММге функцияларды киргизүү критерийлерин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | 2025-жылдын III кварталы | ЖӨБ органдарынын карамагындагы ЖММге функцияларды киргизүүнүн критерийлерин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде | ||
4.3. Аймактарды социалдык- экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу методикасын өркүндөтүү | 2024-жылдын II кварталы | ЖӨБ органдарынын аймактарын социалдык- экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу методикасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | ЭКМ, МКЖӨБМА, ФМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
4.4. Бюджеттик классификацияга "Жергиликтүү маанидеги маселелер жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр" категориясын киргизүү | 2025-жылдын IV кварталы | Бюджеттик классификацияга "Жергиликтүү маанидеги маселелер жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр" категориясын караган өзгөртүүлөр киргизилди | ФМ, МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
5 | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү. ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү | 5.1. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү максатында мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана анын жыйынтыктарынын негизинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү | 2025-жылдын III кварталы | Талдоо жүргүзүлдү жана мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты | МКЖӨБМА, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
5.2. ЖӨБдүн аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында ЖӨБдүн аткаруу органынын ишине функционалдык талдоо жүргүзүү, ошондой эле ЖӨБ органдарына аткаруу органынын бекитилген жалпы штаттык санынын чегинде ЖӨБдүн аткаруу органынын штаттык санын өз алдынча түзүүгө укук берүү | 2027-жылдын I кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ЖӨБдүн аткаруу органдарынын типтүү түзүмүнө жана штаттык санына өзгөртүүлөр киргизилди, ошондой эле ЖӨБ органдарына аткаруу органынын бекитилген жалпы штаттык санынын чегинде ЖӨБдүн аткаруу органынын штаттык санын өз алдынча түзүүгө укук берилди | МКЖӨБМА, ФМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
6 | Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын потенциалын өнүктүрүү | Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутууну, анын ичинде санариптик технологияларды пайдалануунун негизинде аралыктан окутуу формаларын пайдалануу менен окутууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-жылдын I кварталы | Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилди | МКЖӨБМА, ФМ, КРПМБА | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
7 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстук базасын чыңдоо | 7.1. "Санарип аймак" АМСтин "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" модулун ишке ашыруу | 2024-жылдын I кварталы | Инвентаризациялоо жүргүзүлдү, муниципалдык менчикте турган объекттерди эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы түзүлдү | МКЖӨБМА, СӨМ, "Кызмат" ММ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
7.2. "Санарип аймак" АМСтин "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" модулун ЖӨБ органдарында киргизүү | 2024-жылдын II кварталы | Бүткүл республика боюнча ЖӨБ органдарынын арасында муниципалдык менчикте турган объекттерди эсепке алуунун бирдиктүү реестри киргизилди | МКЖӨБМА, СӨМ, "Кызмат" ММ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
7.3. Муниципалдык мүлккө (менчикке, ижарага, пайдаланууга) карата укуктарды өткөрүп берүүдө ЖӨБ органдарында ЭСА колдонуу жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2027-жылдын II кварталы | ЭСАны колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. ЖӨБ органдары муниципалдык мүлккө (менчикке, ижарага, пайдаланууга) карата укуктарды өткөрүп берүүдө ЭСА ишинин электрондук форматына өттү | МКЖӨБМА, СӨМ, "Инфо-Система" МИ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
7.4. "Санарип аймак" АМСтин "Жерлерди жеке турак жай курууга берүү" модулун ишке ашыруу | 2026-жылдын I кварталы | Жерге жайгаштыруу жаатында ЖӨБ органдарынын иши автоматташтырылды | МКЖӨБМА, СӨМ, "Кызмат" ММ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
7.5. "Санарип аймак" АМСнын "Жеке турак жай курууга жер берүү" модулун ЖӨБ органдарына киргизүү | 2026-жылдын III кварталы | ЖӨБ органдары жер участокторун жеке турак жай курууга жана ижарага электрондук кезек боюнча берет | МКЖӨБМА, СӨМ, "Кызмат" ММ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
7.6. Муниципалдык мүлккө (менчикке, ижарага, пайдаланууга) карата укуктарды өткөрүп берүүнүн электрондук форматын киргизүүнү улантуу | 2024-2028-жылдар | Муниципалдык мүлккө (менчикке, ижарага, пайдаланууга) карата укуктарды өткөрүп берүү ЭСА аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт | МКЖӨБМА, ФМ, СӨМ "Инфо-Система" МИ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
7.7. Муниципалдык менчикте турган объекттерди берүү жана сатуу боюнча комиссиялардын ишине санариптик процессти киргизүү | 2026-жылдын I кварталы | Муниципалитеттерге караштуу комиссиялар иштин электрондук форматына өттү | МКЖӨБМА, СӨМ, "Кызмат" ММ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
7.8. Маалымат алмашуу жана жергиликтүү салыктар менен жыйымдардын жергиликтүү бюджетке түшүүсүн камсыздоо маселелеринде ЖӨБ органдарынын салык органдары менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү | 2024-жылдын IV кварталы | Маалымат алмашуу чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн зарыл болгон жоболору кабыл алынды | МСК, ЭКМ, МКЖӨБМА, СӨМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында | ||
7.9. Салыктык жана салыктык эмес кирешелерди администрациялоонун натыйжалуулугун баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү | 2024-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 62-беренесине ылайык берилген ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында кирешелерди администрациялоону баалоонун натыйжалуулугунун методикасын ЖӨБ органдары иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | МСК, ФМ, ЭКМ, МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин алкагында | ||
7.10. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||
7.11. Жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктарды жана жыйымдарды чогултуу жана администрациялоо боюнча ыйгарым укуктарды белгиленген тартипте ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү | 2024-жылдын III кварталы | МСК жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктарды жана жыйымдарды чогултуу жана администрациялоо боюнча ыйгарым укуктарды белгиленген тартипте өткөрүп берди | ФМ, МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында | ||
8 | Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде ААР өткөрүү шарттарында ЖӨБ органдарын уюштуруучулук-методикалык жактан колдоо | ААР шарттарында ЖӨБ органдарынын иши боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу, окууларды өткөрүү | 2024-жылдын I кварталы | 1. ААР шарттарында ишти жүзөгө ашыруу боюнча ЖӨБ органдары үчүн сунуштамалар иштелип чыкты. 2. Бириктирилген ЖӨБ органдарына ААР шарттарында алардын ишинин маселелери боюнча методикалык, консультациялык жардам көрсөтүлдү (ЖӨБ органдарынын түзүмүн, штаттык санын түзүү, жайыттарды башкаруу боюнча муниципалдык ишканаларды түзүү, ирригация жана ичүүчү суу маселелери боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү) | МЭК, МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин алкагында |
9 | Административдик-аймактык түзүлүштү оптималдаштыруу | 9.1. ААР жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ЖӨБ бириктирилген органдарына схемалык карталарды даярдоодо, ЖӨБ органдарынын түзүмүн жана штаттык санын түзүүдө консультациялык, методикалык жардам көрсөтүлдү | 2024-жылдын I-II кварталдары | ЖӨБ органдарындагы ААР жыйынтыгы чыгарылды. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн ЖӨБ органдарынын бардык зарыл болгон документтери даярдалды | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында |
9.2. Статусу жок калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилди | МКЖӨБМА, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
9.3. Ылайыксыз аталыштагы административдик- аймактык жана аймактык бирдиктердин аталышын өзгөртүү | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилди | МКЖӨБМА, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
3-глава. Социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоо өнүгүүнү туруктуу башкаруунун фактору катары | ||||||
10 | Мейкиндиктин маалыматтарды пайдалануу менен ЖӨБ деңгээлинде өнүгүүнү пландоо, болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү | 10.1. Ар кандай деңгээлдеги программалардын ортосунда байланыштын милдеттүү болуу шарты менен ЖӨБ органдарынын деңгээлинде жана мамлекеттик башкаруунун региондук деңгээлинде СЭӨП иштеп чыгуунун жаңы методикаларын бардык жерде киргизүү | 2025-жылдын I кварталы | ЖӨБ органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методикаларын колдонууга окутулду. ЖӨБ бардык органдары СЭӨП иштеп чыгуунун бир түрдүү методикасын, анын ичинде болжолдоо элементтерин, АМС маалыматтарын, мейкиндиктик маалыматтарды колдонот. ЖӨБ деңгээлиндеги СЭӨП райондун деңгээлиндеги СЭӨП менен байланышкан | ЭКМ, МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
10.2. ЖӨБ органдарынын персоналын "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" жана "Жеке турак жай курууга жер берүү" маалыматтык системаларын пайдаланууга окутуу | Дайыма | ЖӨБ органдары "Санарип аймак" АМС функционалдык модулдары менен иштөөгө окутулду | МКЖӨБМА, СӨМ, "Кызмат" ММ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
11 | Жергиликтүү жамааттарды климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштырууга көмөк көрсөтүү | Климаттын өзгөрүшүнө, экологияга жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүүгө байланышкан маселелерди шаарлардын жана айылдык аймактардын СЭӨП иштеп чыгуу боюнча ЖӨБ органдары үчүн методикалык колдонмого киргизүү | 2024-жылдын IV кварталы | Климаттын өзгөрүшүнө, экологияга жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүүгө байланышкан маселелерди шаарлардын жана айыл аймактарынын СЭӨП иштеп чыгуу боюнча ЖӨБ органдары үчүн методикалык колдонмо иштелип чыкты жана ага өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ, ЖРЭТКМ, МКЖӨБМА, СРАЧКӨМ, ӨКМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
4-глава. Программаны ишке ашыруу тобокелдиктери | ||||||
12 | Программаны ишке ашыруу тобокелдиктерин башкаруу | 12.1. Программаны ишке ашыруу тобокелдиктерине байкоо жүргүзүү баалоо жана чечим кабыл алуу үчүн оперативдүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мониторинг жүргүзүү тобун түзүү | Дайыма | Тобокелдиктерди башкаруу боюнча адамдык потенциалды түзүү жана кесипкөйлөштүрүү | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
12.2. Тобокелдиктер менен иштөөнүн даярдалган методологиясынын негизинде топту мониторинг жүргүзүүгө жана тобокелдиктерди баалоого үйрөтүү | Жыл сайын | Максаттуу кесиптик багыт | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде | ||
12.3. Саясий процесстерге мониторинг жүргүзүү жана өлкөнүн жана тармактык программаларды ЖӨБ өнүктүрүүгө тийгизген таасири боюнча талдоо | Дайыма | ЖӨБ өнүктүрүүгө саясий процесстердин жана ишке ашырылган программалардын таасиринин деңгээли | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
Кыскартуулардын тизмеси
АМС | - | автоматташтырылган маалыматтык система |
|
ААР | - | административдик-аймактык реформа |
|
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
|
ЖММ | - | жергиликтүү маанидеги маселелер |
|
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги |
|
МИ | - | мамлекеттик ишкана |
|
КРМК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
|
ЖӨБ | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
|
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
|
СРАЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
|
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
|
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
|
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
|
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
|
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
|
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
|
СЭӨП | - | социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы |
|
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
|
БШК | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
|
ЭСА | - | электрондук соода аянтчасы |
|
"Кызмат" ММ" | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 80
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2026-жылдын 30-январындагы № 40, 2026-жылдын 23-февралындагы № 125 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) эки айлык мөөнөттө Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыксын жана бекитсин;
3) Программанын жана Иш-аракеттер планынын иш-чараларын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырсын;
4) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке берип турсун.
3. Программанын жана Иш-аракеттер планынын иш-чараларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
1) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте кабыл алынган Программанын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жана маалыматтык өнөктүктү жүргүзсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2026-жылдын 30-январындагы № 40 , 2026-жылдын 23-февралындагы № 125 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Индикаторлор/күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) |
1-глава. Жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамаат - натыйжалуу ЖӨБдүн булагы | ||||||
1 | Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон укуктарын ишке ашыруу үчүн механизмдерди өнүктүрүү | Айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүгө жергиликтүү жамаатты тартуунун типтүү планын (коомдук-коммуникациялык стратегиясын) иштеп чыгуу | 2025-жылдын II кварталы | МКЖӨБМАнын чечими менен жергиликтүү жамаатты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуунун типтүү планы бекитилди жана ЖӨБ органдарына сунушталды. Айыл аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугу жогорулады жана ачык- айкындуулук камсыздалды, алардын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүүсү бекемделди. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ЖӨБОнун карамагында турган маалыматтарды алуусу камсыздалды | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде |
2 | ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугун жана ачыктыгын күчөтүү | ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн типтүү регламентин иштеп чыгуу | 2024-жылдын III кварталы | МКЖӨБМАнын чечими менен ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн жол-жоболорунун типтүү регламенти бекитилди жана ЖӨБ органдарына сунушталды | МКЖӨБМА | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде |
3 | ЖӨБ органдарын түзүү тартибин өркүндөтүү | 3.1. Жергиликтүү кеңештердин депутатына талапкерлерге мамлекеттик түзүлүш жөнүндө жана ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негиздерин билүүсүнө карата квалификациялык талаптарды киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү | 2024-жылдын IV кварталы | Жергиликтүү кеңештердин депутатына талапкерлерге талаптарды күчөткөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди | МКЖӨБМА, БШК (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
3.2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу | 2025-жылдын I кварталы | МКЖӨБМАнын чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамалары бекитилди жана ЖӨБ органдарына сунушталды. ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин функциялык милдеттери так бөлүштүрүлдү | МКЖӨБМА, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде | ||
2-глава. Натыйжалуу жана жергиликтүү жамааттын алдында жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | ||||||
4 | Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | 4.1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
4.2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||