Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 62 Жарлыгына) |
2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы (мындан ары - Программа) өлкөнүн саясий, коомдук жана экономикалык турмушунда аялдардын өкүлчүлүгүн жана активдүү катышуусун жогорулатууга багытталган стратегиялык жактан маанилүү демилгени аныктоо максатында иштелип чыккан. Аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуусу жана лидерлиги коомдун адилеттүү жана тең укуктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун ажырагыс компоненттери болуп саналат.
Кыргызстандын тарыхында аялдар ар дайым маанилүү ролду ойноп, анын прогрессине жана гүлдөшүнө салым кошуп келишкен. Бирок, олуттуу жетишкендиктерге карабастан, саясатта жана иштин башка чөйрөлөрүндө аялдардын потенциалы жетиштүү даражада таанылбай жана пайдаланылбай калууда.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын алдында аялдардын лидерлигине активдүү көмөк көрсөтүү, чечимдерди кабыл алууга аялдардын кыйла кеңири катышуусуна жана мамлекеттик башкарууда жетекчи кызмат орундарда алардын өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүчү механизмдерди киргизүү зарылдыгы турат.
Бул Программа адилеттүү жана заманбап системаны түзүүгө багытталган, анда гендердик теңчилик жана аялдардын лидерлиги мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнүн жана ийгилигинин бекем пайдубалы болуп калат.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары саясий чөйрөдө аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде парламенттеги жана жергиликтүү кеңештердеги аялдар үчүн квоталарды берет. Ага карабастан, бул жоболорду ишке ашыруу татаал бойдон калууда жана аялдардын саясатта чечим кабыл алууга таасири дагы эле жетишсиз.
Улуттук программалык документтерде чечимдерди кабыл алууга катышуунун көрсөткүчү катары аялдардын шайлануучу кызмат орундарына жетүүсүнө көп көңүл бурулуп, мамлекеттик башкарууда гендердик теңчиликке өтө аз көңүл бурулууда. Ал эми акыркысы чечүүчү мааниге ээ болуп саналат, анткени мамлекеттик башкаруу саясий жана экономикалык чечимдерди ишке ашыруу, ошондой эле бюджеттерди пландоо жана чыгымдоо ыкмасын аныктайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын саясий жетекчи кызмат орундарында аялдардын катышуусунун төмөндүгү, биринчи кезекте, тиешелүү тажрыйбага жана лидерлик сапаттарга ээ болгон аял жынысындагы даярдыгы бар жана компетенттүү кадрлардын санынын азайышы менен түшүндүрүлөт.
Мамлекеттик органдардын жетекчилигинде аялдар абдан аз: 2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21 мүчөсүнүн ичинен болгону 3 же 14,2%ы гана - аялдар. Министрлердин орун басарларынын кызмат орундарында 69дун ичинен болгону 12 же 17%ы - аялдар.
Аялдар облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаар мэрлеринин кызмат орундарында көрсөтүлгөн эмес. Райондук акимдердин орун басарларынын кызмат орундарында 79дун ичинен болгону 28 же 35%ы - аялдар. 409 айыл өкмөт башчысынын ичинен болгону 12 же 2,9%ы - аялдар (2022-жылы алардын саны 24 болгон).
Лидер-аялдарды окутуу үчүн тийиштүү түзүм жок.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги жана жергиликтүү кеңештердеги аялдардын өкүлчүлүгү тууралуу айрым жылдар боюнча салыштырмалуу маалыматтар Кыргызстандагы аялдардын лидерлик деңгээлин көрсөтүп турат. Алсак, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында аялдар 26%ды түзгөн, бирок кийин бул өкүлчүлүктүн деңгээли 17%га түшүп калган. Азыркы учурда аялдарга колдоо көрсөтүүнүн атайын чараларын (квоталарды) камтыган шайлоо мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги аялдардын үлүшү максаттуу 30%дын ордуна 21%ды түзүүдө.
2013-жылы жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгү 12% түзгөн, бирок 2016-жылы бул сан 10%га чейин төмөндөгөн, ал эми 86 айылдык кеңеште бир дагы аял депутат болгон эмес.
Бирок, 2021-жылы аялдарга колдоо көрсөтүү боюнча атайын чаралар киргизилген, мисалы, алар үчүн мандаттарды сактоо. Бул айылдык кеңештерде аялдардын үлүшүнүн 38%га чейин кыйла көбөйүшүнө алып келди.
Аялдардын саясатка катышуу үлүшүнүн көбөйүүсүндөгү бул прогресс коомдук аң-сезимде акырындык менен өзгөрүүлөр болуп жатканын жана Кыргызстанда аялдардын лидерлигин колдоого багытталган атайын чараларды киргизүүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Ошондой болсо дагы толук теңчиликке жетүү жана өлкөнүн саясий турмушуна аялдардын катышуусу үчүн аялдар өзүнүн саясий карьерасында кабылган стереотиптерди жана тоскоолдуктарды жеңүү боюнча аракеттерди улантуу зарыл. Ошондой эле бул Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (мындан ары - ТӨМ) күн тартибин ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн маанилүү, атап айтканда ТӨМдүн 5.5-пунктунда өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушунда чечим кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын толук жана натыйжалуу катышуусун жана лидерлик үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу каралган. 2022-жылы Кыргызстанда гендердик ажырымдын глобалдуу индекси 0,700 көрсөткүчүнө жетип, дүйнөнүн 146 өлкөсүнүн ичинен 86-орунга чыгарды. Гендердик ажырым индексине кирген аялдардын саясий укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү субиндекси 0,124тү түзүп, өлкөнү дүйнөнүн 146 өлкөсүнүн ичинен 111-орунга чыгарды.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жетекчи кызмат орундарында аялдардын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Алсак, ички иштер органдарында жетекчи кызмат орундарында аялдардын үлүшү төмөндөөдө: 2019-жылы - 5,7%, 2020-жылы - 5,4%, 2021-жылы алардын өкүлчүлүгү - 5,2%га чейин, 2022-жылы - 4,6%га чейин төмөндөдү. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин жетекчи кызмат орундарында аял аскер кызматчыларынын өкүлчүлүгүнүн үлүшү - 2,1%ды түзөт.
Башка укук коргоо органдарында аялдардын жетекчи кызмат орундарындагы өкүлчүлүгү туруктуу төмөн бойдон калууда. Маалыматтарга ылайык 2023-жылы:
- бажы органдарында - 5, 6%;
- прокуратура органдарында - 5%;
- аскер прокуратурасынын органдарында аттестацияланган курамдын арасында аскер кызматчы аялдардын үлүшү 1,9%, ошол эле учурда аскер прокуратурасынын органдарында жетекчи аялдар болгон эмес;
- улуттук коопсуздук органдарында - 7,6%;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо мамлекеттик органында - 6,7%;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде - 6%.
Укук коргоо органдарынын арасында жетекчилик курамдагы аялдардын өкүлчүлүгү менен абал жазаларды аткаруу ыйгарым укуктуу органында бир аз жакшыраак - 24,2% жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги системасында - 21%.
Демек Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, өзгөчө жетекчи кызмат орундарындагы аялдарга карата ачык гендердик дисбаланс байкалууда. Акыркы жылдары айрым мамлекеттик органдарда аялдардын өкүлчүлүгүнүн көбөйгөнүнө карабастан бул процесс жай жүрүп жатат жана укук коргоо чөйрөсүндө тең укуктуулукка жетишүү жана аялдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн кошумча күч-аракеттер талап кылынууда.
Кыргыз Республикасынын сот системасында сот адилеттиги секторунун репрезентативдүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгү таанылат, бул адилеттүү чечимдерге өбөлгө түзөт жана сот системасына коомдун ишенимин жогорулатат. Бирок азыркы учурда гендердик өкүлчүлүктө теңсиздик бар, судья аялдардын үлүшү болгону 36,7%ды түзөт, бул аталган чөйрөдөгү аялдардын катышуусун күчөтүү зарылдыгы тууралуу билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо жетекчи кызмат орундарында эркектер басымдуулук кылат, бул дагы сот адилеттигинин органдарында гендердик дисбалансты чагылдырат. Сот адилеттигинин органдарында аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу үчүн бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгүнүн 70%дан ашык эмес ченемин белгилөө зарыл, бул Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунда, ошондой эле Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешинде аялдардын өкүлчүлүгүнүн кыйла туруктуу болушуна өбөлгө түзөт.
Топтолгон оң тажрыйбаны эске алуу менен жана Кыргызстандагы аялдардын саясий лидерлиги үчүн болгон чакырыктарды жеңүү максатында бул Программанын алкагында мамлекеттин күч-аракетин төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга топтоо зарыл:
1) биринчи кезектеги чаралар;
2) аялдардын ичинен кадрлардын атайын резервин түзүү жана анын иштөөсү;
3) талапкер аялдарды жетекчи позицияларга даярдоо системасы, дайындалгандан кийин алардын квалификациясын жогорулатуу.
3-глава. Программанын стратегиялык максаты жана артыкчылыктуу багыттары
Программанын стратегиялык максаты өлкөнүн саясий жана коомдук турмушунда аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо, аялдардын ресурстарга, мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алууга бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле алардын потенциалын жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымын максималдуу пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат.
Бул Программа мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында гендердик багыттагы реформаларды жүргүзүү үчүн негизги стратегиялык колдонмо болуп калууга багытталган.
4-глава. Биринчи кезектеги чаралар
Биринчи кезектеги чаралар муниципалдык жана региондук башкаруу түзүмдөрүнүн деңгээлинде аялдардын потенциалын мобилизациялоого жана жогорулатууга, анын ичинде аялдарга басым жасоо менен кадрлардын резервине талапкерлерди киргизүү үчүн конкурс жөнүндө маалыматтык кампанияны жүргүзүүгө багытталган.
Аялдарды региондук жана муниципалдык кадрлар резервине тартуу боюнча биринчи кезектеги чараларды киргизүү кыйла өкүлчүлүктүү жана жоопкерчиликтүү лидерликти калыптандырууга багытталган стратегиянын негизги этабы болот.
Аял талапкерлердин потенциалын жогорулатуу мамлекеттик башкарууга ийгиликтүү катышуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган адистештирилген окутуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле аялдардын кесиптик өсүшү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеген мүмкүн болгон стереотиптерди жоюу боюнча чаралар каралууда.
Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине аял талапкерлерди тандоо компетенттүүлүктүн, лидерлик сапаттардын жана социалдык жана экономикалык процесстерге таасир этүү потенциалынын негизинде ишке ашырылат, ал аялдардын потенциалын ачуу жана региондук жана муниципалдык башкаруунун чакырыктарын жана милдеттерин натыйжалуу чечүүгө жөндөмдүү көп түрдүү резервдерди түзүү үчүн шарттарды түзүүнү болжолдойт.
Бул артыкчылыктуу багыттын алкагында төмөнкү милдеттер ишке ашырылат:
1) региондук жана муниципалдык кадрлар резервине аялдарды көбүрөөк тартуу;
2) региондук жана муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн аял талапкерлердин потенциалын жогорулатуу;
3) региондук жана муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди тандоо.
5-глава. Аялдардын лидерлердин атайын кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү
Аялдардын лидерлердин атайын кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү аялдар үчүн атайын кадрлар резервин түзүүгө гана эмес, ошондой эле атайын кадрлар резервине тандоодо лидер аялдарга зарыл болгон компетенцияларды аныктоого, атайын кадрлар резервине тандоо үчүн талапкерлердин потенциалын баалоо боюнча комплекстүү тестти иштеп чыгууга, аялдарга карата карьералык пландоону ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктарын бузуу практикасын изилдөө, ошондой эле аялдардын тажрыйбасы жана компетенциялары коомдук өнүгүүгө олуттуу салым кошо ала турган негизги чөйрөлөрдө алардын активдүү катышуусуна дем берүүгө багытталган. Аялдардын ичинен кадрлар резервдерин түзүү процесси аялдарды атайын кадрлар резервине кеңири киргизүүгө багытталган атайын чараларды, анын ичинде колдоо көрсөтүү, окутуу жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул чаралар аялдардын лидерлигинин өсүшү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, тоскоолдуктарды жоюуга жана кадрлар резервдерин түзүүдө аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган.
Бул артыкчылыктуу багыттын алкагында төмөнкү милдеттер ишке ашырылат:
1) жетекчи кызмат орундары үчүн лидер аялдардын атайын кадрлар резервин түзүү;
2) аялдарга карата карьералык пландоону ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
3) мамлекеттик башкаруу системасында аялдардын укуктарынын бузулушунун практикасына изилдөө жүргүзүү.
6-глава. Жетекчилик позицияга талапкер аялдарды даярдоо системасы, дайындалгандан кийин алардын квалификациясын жогорулатуу
Бул системанын максаты негизги кызматтарга дайындалган ар бир аялдын ийгиликтүү өнүгүүсү жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Бул система лидерлик көндүмдөрдү, команданы башкарууну, стратегиялык пландоону, жетекчилик милдеттерин ийгиликтүү аткаруу үчүн зарыл болгон коммуникацияларды окутууну камтыйт.
Артыкчылыктуу багыттын алкагында лидерлик көндүмдөрдү интенсивдүү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылган стипендиялык программалар иштелип чыгат жана ишке киргизилет. Бул чаралар билим берүү мүмкүнчүлүктөрүндөгү гендердик теңсиздикти жоюуга гана эмес, аялдарга жетекчилик позицияларга умтулууда активдүү колдоо көрсөтүүгө да багытталган.
7-глава. Программаны ишке ашырууда күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруу мамлекеттик башкарууда аялдардын лидерлик системасын түзүүгө карата жаңы мамилени апробациялоого мүмкүндүк берет, ал өз кезегинде башкаруу ишинин жана лидерликтин мүнөзүн өзгөртүүнү бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
2024-2027-жылдарга жана 2028-2030-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча орто мөөнөттүү иш-аракеттер пландарын аткаруу аркылуу жетектөөчү кызматтарда гендердик өкүлчүлүктүн абалын этап-этабы менен жакшыртуу пландалууда.
Ошентип 2027-жылдын аягына чейин төмөнкүдөй натыйжаларга жетүү пландалууда:
Күтүлүүчү натыйжа | Көрсөткүчтөр | ||
Жыл сайын | 2027-жылдын аягына карата | 2030-жылдын аягына карата | |
1. Аялдардын мамлекетти башкарууга катышуусу жана лидерлиги институтташтырылды, аялдардын кызматы боюнча өсүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. ТӨМ индикатору 5.1.1. Колдоо жана теңдикти камсыз кылуу жана жыныстык белгиси боюнча басмырлабоо, бул жааттагы абалга байкоо жүргүзүү үчүн ченемдик-укуктук базанын болушу | Лидер аялдардын атайын кадрлар резервине 50дөн кем эмес аял киргизилет | Лидер аялдардын атайын кадрлар резервине бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жетектөөчү кызмат орундары үчүн тиешелүү квалификацияга ээ болгон 100дөн кем эмес аял кирет | Лидер аялдардын атайын кадрлар резервине бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарда жетектөөчү кызмат орундары үчүн тиешелүү квалификацияга ээ болгон 200дөн кем эмес аял кирет |
Кадрлар резервинен аялдарды жетектөөчү кызмат ордуна дайындоонун максималдуу мөөнөтү 5 жылдан ашык эмес | Кадрлар резервинен аялдарды жетектөөчү кызмат ордуна дайындоонун максималдуу мөөнөтү 3 жылдан ашык эмес | ||
Магистратура программасында - 20дан кем эмес аял | Магистратура программасында - 60тан кем эмес аял | ||
| Жылына 50дөн кем эмес аял ар кандай квалификациясын жогорулатуу, лидерлик, насаатчылык курстарында окуйт | Квалификациясын жогорулатуу курстарында 100дөн кем эмес аял окутулду | Квалификациясын жогорулатуу курстарында 200дөн кем эмес аял окутулду |
2. Жогорку квалификацияга жана потенциалга ээ лидер аялдар мамлекеттик башкарууга активдүү катышат ТӨМ индикатору 5.5.1. Аялдар ээлеген орундардын үлүшү а) улуттук парламенттерде жана б) жергиликтүү бийлик органдарында ТӨМ индикатору 5.5.2. Жетекчи кызмат орундарында аялдардын үлүшү |
| Бардык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 20%ды түзөт | Бардык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 30%ды түзөт |
8-глава. Программаны ишке ашыруунун механизми
Программа төмөнкүдөй иш-аракеттердин пландарын аткаруу аркылуу этап-этабы менен ишке ашырылат:
- 2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча программаны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы;
- 2028-2030-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча программаны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы.
Иш-аракеттер пландары артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттерди жана чараларды камтыйт, ошондой эле күтүлүүчү натыйжаларды, жооптуу аткаруучуларды жана өнөктөштөрдү, каржылоонун булактарын аныктайт.
Программаны ишке ашыруу жалпы мамлекеттик жана тармактар аралык мүнөзгө ээ. Программаны ишке ашыруу боюнча бардык катышуучулардын жана кызыкдар тараптардын макулдашуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин жалпы координациясынын алдында жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Программанын милдеттерин жана чараларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алууну камсыздайт.
Программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу болуп саналат.
Программаны ишке ашыруу боюнча бекитилген Иш-аракеттер планынын негизинде жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жогоруда аталган Иш-аракеттер планын аткаруу боюнча ведомстволук, жергиликтүү иш-аракеттер пландарын кабыл алат.
9-глава. Программаны ишке ашырууда тобокелдиктер
Программаны ишке ашырууда мүмкүн болгон тобокелдиктер:
- саясий туруксуздук. Саясий туруксуздук жана мамлекеттик артыкчылыктар өзгөргөн мезгилде Программаны ишке ашыруу татаалданышы же кечиктирилиши мүмкүн;
- Программаны ишке ашыруу коомдогу айрым топтор тарабынан каршылыкка же жетишсиз колдоого дуушар болушу мүмкүн, бул аны ишке киргизүүнү татаалдатат жана максаттарга жетүүгө тоскоол болот;
- жетишсиз каржылоо Программаны ишке ашыруу үчүн ресурстардын чектелишине жана анын натыйжалуулугунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Бул окутуу иш-чараларын өткөрүүнү, аялдардын лидерлигинин маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча колдоочу механизмдерди жана программаларды түзүүнү кыйындатат;
- маданий жана социалдык стереотиптер аялдардын саясатка жана башка чөйрөлөргө активдүү катышуусуна тоскоол болушу мүмкүн. Мындай тоскоолдуктар аялдардын лидерлигин кабыл алууда күмөн саноолорду жана каршылыктарды жаратышы мүмкүн;
- баалоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу механизмдеринин жоктугу Программанын аткарылышын жакшыртуу үчүн жетишилген натыйжаларды аныктоону жана иш-аракеттерди түзөтүүнү кыйындатат.
10-глава. Программаны финансылык камсыздоо
Программаны ишке ашыруу Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, түзүмдөр тарабынан тиешелүү жылдарга мамлекеттик бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын ишке тартылган министрликтеринин жана ведомстволорунун каражаттарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат.
11-глава. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы Программанын милдеттерин ишке ашырууда кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул Программаны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коомдун уюмдары менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүдө тыгыз жана макулдашылган иш алып баруусу зарыл.
Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо эксперттик, жарандык коомчулуктун катышуусунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында белгиленген пландарды аткаруу боюнча жооптуу адамдардын отчетторун жана Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн орто аралык натыйжаларын баалоону угуу менен жүргүзүлөт.
Мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтар базасынын негизинде тиешелүү чечимдер, анын ичинде Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планын түзөтүү боюнча чечимдер кабыл алынат.
Гендердик саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Программаны ишке ашыруунун жана баалоонун бардык этаптарында жарандык коомдун активдүү катышуусун камсыз кылуу, ошондой эле өнүктүрүү боюнча кызыкдар эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы Программаны ишке ашырууну координациялоо боюнча функцияларды туруктуу негизде аткарууга тийиш.
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 62 Жарлыгына) |
2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы (мындан ары - Программа) өлкөнүн саясий, коомдук жана экономикалык турмушунда аялдардын өкүлчүлүгүн жана активдүү катышуусун жогорулатууга багытталган стратегиялык жактан маанилүү демилгени аныктоо максатында иштелип чыккан. Аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуусу жана лидерлиги коомдун адилеттүү жана тең укуктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун ажырагыс компоненттери болуп саналат.
Кыргызстандын тарыхында аялдар ар дайым маанилүү ролду ойноп, анын прогрессине жана гүлдөшүнө салым кошуп келишкен. Бирок, олуттуу жетишкендиктерге карабастан, саясатта жана иштин башка чөйрөлөрүндө аялдардын потенциалы жетиштүү даражада таанылбай жана пайдаланылбай калууда.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын алдында аялдардын лидерлигине активдүү көмөк көрсөтүү, чечимдерди кабыл алууга аялдардын кыйла кеңири катышуусуна жана мамлекеттик башкарууда жетекчи кызмат орундарда алардын өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүчү механизмдерди киргизүү зарылдыгы турат.
Бул Программа адилеттүү жана заманбап системаны түзүүгө багытталган, анда гендердик теңчилик жана аялдардын лидерлиги мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнүн жана ийгилигинин бекем пайдубалы болуп калат.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары саясий чөйрөдө аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде парламенттеги жана жергиликтүү кеңештердеги аялдар үчүн квоталарды берет. Ага карабастан, бул жоболорду ишке ашыруу татаал бойдон калууда жана аялдардын саясатта чечим кабыл алууга таасири дагы эле жетишсиз.
Улуттук программалык документтерде чечимдерди кабыл алууга катышуунун көрсөткүчү катары аялдардын шайлануучу кызмат орундарына жетүүсүнө көп көңүл бурулуп, мамлекеттик башкарууда гендердик теңчиликке өтө аз көңүл бурулууда. Ал эми акыркысы чечүүчү мааниге ээ болуп саналат, анткени мамлекеттик башкаруу саясий жана экономикалык чечимдерди ишке ашыруу, ошондой эле бюджеттерди пландоо жана чыгымдоо ыкмасын аныктайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын саясий жетекчи кызмат орундарында аялдардын катышуусунун төмөндүгү, биринчи кезекте, тиешелүү тажрыйбага жана лидерлик сапаттарга ээ болгон аял жынысындагы даярдыгы бар жана компетенттүү кадрлардын санынын азайышы менен түшүндүрүлөт.
Мамлекеттик органдардын жетекчилигинде аялдар абдан аз: 2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21 мүчөсүнүн ичинен болгону 3 же 14,2%ы гана - аялдар. Министрлердин орун басарларынын кызмат орундарында 69дун ичинен болгону 12 же 17%ы - аялдар.
Аялдар облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаар мэрлеринин кызмат орундарында көрсөтүлгөн эмес. Райондук акимдердин орун басарларынын кызмат орундарында 79дун ичинен болгону 28 же 35%ы - аялдар. 409 айыл өкмөт башчысынын ичинен болгону 12 же 2,9%ы - аялдар (2022-жылы алардын саны 24 болгон).
Лидер-аялдарды окутуу үчүн тийиштүү түзүм жок.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги жана жергиликтүү кеңештердеги аялдардын өкүлчүлүгү тууралуу айрым жылдар боюнча салыштырмалуу маалыматтар Кыргызстандагы аялдардын лидерлик деңгээлин көрсөтүп турат. Алсак, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында аялдар 26%ды түзгөн, бирок кийин бул өкүлчүлүктүн деңгээли 17%га түшүп калган. Азыркы учурда аялдарга колдоо көрсөтүүнүн атайын чараларын (квоталарды) камтыган шайлоо мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги аялдардын үлүшү максаттуу 30%дын ордуна 21%ды түзүүдө.
2013-жылы жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгү 12% түзгөн, бирок 2016-жылы бул сан 10%га чейин төмөндөгөн, ал эми 86 айылдык кеңеште бир дагы аял депутат болгон эмес.
Бирок, 2021-жылы аялдарга колдоо көрсөтүү боюнча атайын чаралар киргизилген, мисалы, алар үчүн мандаттарды сактоо. Бул айылдык кеңештерде аялдардын үлүшүнүн 38%га чейин кыйла көбөйүшүнө алып келди.
Аялдардын саясатка катышуу үлүшүнүн көбөйүүсүндөгү бул прогресс коомдук аң-сезимде акырындык менен өзгөрүүлөр болуп жатканын жана Кыргызстанда аялдардын лидерлигин колдоого багытталган атайын чараларды киргизүүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Ошондой болсо дагы толук теңчиликке жетүү жана өлкөнүн саясий турмушуна аялдардын катышуусу үчүн аялдар өзүнүн саясий карьерасында кабылган стереотиптерди жана тоскоолдуктарды жеңүү боюнча аракеттерди улантуу зарыл. Ошондой эле бул Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (мындан ары - ТӨМ) күн тартибин ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн маанилүү, атап айтканда ТӨМдүн 5.5-пунктунда өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушунда чечим кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын толук жана натыйжалуу катышуусун жана лидерлик үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу каралган. 2022-жылы Кыргызстанда гендердик ажырымдын глобалдуу индекси 0,700 көрсөткүчүнө жетип, дүйнөнүн 146 өлкөсүнүн ичинен 86-орунга чыгарды. Гендердик ажырым индексине кирген аялдардын саясий укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү субиндекси 0,124тү түзүп, өлкөнү дүйнөнүн 146 өлкөсүнүн ичинен 111-орунга чыгарды.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жетекчи кызмат орундарында аялдардын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Алсак, ички иштер органдарында жетекчи кызмат орундарында аялдардын үлүшү төмөндөөдө: 2019-жылы - 5,7%, 2020-жылы - 5,4%, 2021-жылы алардын өкүлчүлүгү - 5,2%га чейин, 2022-жылы - 4,6%га чейин төмөндөдү. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин жетекчи кызмат орундарында аял аскер кызматчыларынын өкүлчүлүгүнүн үлүшү - 2,1%ды түзөт.
Башка укук коргоо органдарында аялдардын жетекчи кызмат орундарындагы өкүлчүлүгү туруктуу төмөн бойдон калууда. Маалыматтарга ылайык 2023-жылы:
- бажы органдарында - 5, 6%;
- прокуратура органдарында - 5%;
- аскер прокуратурасынын органдарында аттестацияланган курамдын арасында аскер кызматчы аялдардын үлүшү 1,9%, ошол эле учурда аскер прокуратурасынын органдарында жетекчи аялдар болгон эмес;
- улуттук коопсуздук органдарында - 7,6%;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо мамлекеттик органында - 6,7%;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде - 6%.
Укук коргоо органдарынын арасында жетекчилик курамдагы аялдардын өкүлчүлүгү менен абал жазаларды аткаруу ыйгарым укуктуу органында бир аз жакшыраак - 24,2% жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги системасында - 21%.
Демек Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, өзгөчө жетекчи кызмат орундарындагы аялдарга карата ачык гендердик дисбаланс байкалууда. Акыркы жылдары айрым мамлекеттик органдарда аялдардын өкүлчүлүгүнүн көбөйгөнүнө карабастан бул процесс жай жүрүп жатат жана укук коргоо чөйрөсүндө тең укуктуулукка жетишүү жана аялдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн кошумча күч-аракеттер талап кылынууда.
Кыргыз Республикасынын сот системасында сот адилеттиги секторунун репрезентативдүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгү таанылат, бул адилеттүү чечимдерге өбөлгө түзөт жана сот системасына коомдун ишенимин жогорулатат. Бирок азыркы учурда гендердик өкүлчүлүктө теңсиздик бар, судья аялдардын үлүшү болгону 36,7%ды түзөт, бул аталган чөйрөдөгү аялдардын катышуусун күчөтүү зарылдыгы тууралуу билдирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо жетекчи кызмат орундарында эркектер басымдуулук кылат, бул дагы сот адилеттигинин органдарында гендердик дисбалансты чагылдырат. Сот адилеттигинин органдарында аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу үчүн бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгүнүн 70%дан ашык эмес ченемин белгилөө зарыл, бул Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунда, ошондой эле Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешинде аялдардын өкүлчүлүгүнүн кыйла туруктуу болушуна өбөлгө түзөт.
Топтолгон оң тажрыйбаны эске алуу менен жана Кыргызстандагы аялдардын саясий лидерлиги үчүн болгон чакырыктарды жеңүү максатында бул Программанын алкагында мамлекеттин күч-аракетин төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга топтоо зарыл:
1) биринчи кезектеги чаралар;
2) квоталоо системасын жана гендердик балансты камсыз кылууну эске алуу менен башкаруучу кадрлар резервин түзүү;
3) талапкер аялдарды жетекчи позицияларга даярдоо системасы.
(КР Президентинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3-глава. Программанын стратегиялык максаты жана артыкчылыктуу багыттары
Программанын стратегиялык максаты өлкөнүн саясий жана коомдук турмушунда аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо, аялдардын ресурстарга, мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алууга бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле алардын потенциалын жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымын максималдуу пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат.
Бул Программа мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында гендердик багыттагы реформаларды жүргүзүү үчүн негизги стратегиялык колдонмо болуп калууга багытталган.
4-глава. Биринчи кезектеги чаралар
Биринчи кезектеги чаралар муниципалдык жана региондук башкаруу түзүмдөрүнүн деңгээлинде аялдардын потенциалын мобилизациялоого жана жогорулатууга, анын ичинде аялдарга басым жасоо менен кадрлардын резервине талапкерлерди киргизүү үчүн конкурс жөнүндө маалыматтык кампанияны жүргүзүүгө багытталган.
Аялдарды региондук жана муниципалдык кадрлар резервине тартуу боюнча биринчи кезектеги чараларды киргизүү кыйла өкүлчүлүктүү жана жоопкерчиликтүү лидерликти калыптандырууга багытталган стратегиянын негизги этабы болот.
Аял талапкерлердин потенциалын жогорулатуу мамлекеттик башкарууга ийгиликтүү катышуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган адистештирилген окутуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле аялдардын кесиптик өсүшү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеген мүмкүн болгон стереотиптерди жоюу боюнча чаралар каралууда.
Кадрлардын региондук жана муниципалдык резервдерине аял талапкерлерди тандоо компетенттүүлүктүн, лидерлик сапаттардын жана социалдык жана экономикалык процесстерге таасир этүү потенциалынын негизинде ишке ашырылат, ал аялдардын потенциалын ачуу жана региондук жана муниципалдык башкаруунун чакырыктарын жана милдеттерин натыйжалуу чечүүгө жөндөмдүү көп түрдүү резервдерди түзүү үчүн шарттарды түзүүнү болжолдойт.
Бул артыкчылыктуу багыттын алкагында төмөнкү милдеттер ишке ашырылат:
1) региондук жана муниципалдык кадрлар резервине аялдарды көбүрөөк тартуу;
2) региондук жана муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн аял талапкерлердин потенциалын жогорулатуу;
3) региондук жана муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди тандоо.
5-глава. Башкаруучу кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү
Башкаруучу кадрлар резервин түзүү айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүгө гана багытталбастан, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында аялдардын кыйла кеңири катышуусун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалынын иштөөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөр жана адилеттүү атаандаштык принциптерин айкалыштыруу үчүн туруктуу жана институттук шарттарды түзүүгө да багытталган.
Айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн алкагында төмөнкүдөй милдеттер ишке ашырылат:
- квоталоо системасын киргизүү - бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашык эмес өкүлчүлүгүн камсыз кылуу;
- гендердик балансты камсыз кылуу - кадрлар резервинде аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкерлерге артыкчылыктуу укук берүү;
- кесиптик өнүктүрүү системасын киргизүү жана лидер аялдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын башкаруучу кызмат орундарына бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү, салттуу гендердик стереотиптерге негизделген тоскоолдуктарды азайтуу.
(КР Президентинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6-глава. Жетекчилик позицияга талапкер аялдарды даярдоо системасы, дайындалгандан кийин алардын квалификациясын жогорулатуу
Бул системанын максаты негизги кызматтарга дайындалган ар бир аялдын ийгиликтүү өнүгүүсү жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Бул система лидерлик көндүмдөрдү, команданы башкарууну, стратегиялык пландоону, жетекчилик милдеттерин ийгиликтүү аткаруу үчүн зарыл болгон коммуникацияларды окутууну камтыйт.
Артыкчылыктуу багыттын алкагында лидерлик көндүмдөрдү интенсивдүү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылган стипендиялык программалар иштелип чыгат жана ишке киргизилет. Бул чаралар билим берүү мүмкүнчүлүктөрүндөгү гендердик теңсиздикти жоюуга гана эмес, аялдарга жетекчилик позицияларга умтулууда активдүү колдоо көрсөтүүгө да багытталган.
7-глава. Программаны ишке ашырууда күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруу мамлекеттик башкарууда аялдардын лидерлик системасын түзүүгө карата жаңы мамилени апробациялоого мүмкүндүк берет, ал өз кезегинде башкаруу ишинин жана лидерликтин мүнөзүн өзгөртүүнү бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
2024-2027-жылдарга жана 2028-2030-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча орто мөөнөттүү иш-аракеттер пландарын аткаруу аркылуу жетектөөчү кызматтарда гендердик өкүлчүлүктүн абалын этап-этабы менен жакшыртуу пландалууда.
Ошентип 2027-жылдын аягына чейин төмөнкүдөй натыйжаларга жетүү пландалууда:
Күтүлүүчү натыйжа | Көрсөткүчтөр | |
2027-жылдын аягына карата | 2030-жылдын аягына карата | |
1. Аялдардын мамлекетти башкарууга катышуусу жана лидерлиги институтташтырылды, аялдардын кызматы боюнча өсүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. ТӨМ индикатору 5.1.1. Колдоо жана теңдикти камсыз кылуу жана жыныстык белгиси боюнча басмырлабоо, бул жааттагы абалга байкоо жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук базанын болушу | Башкаруучу кадрлар резервинде талапкерлердин кеминде 30%ын аялдар түзөт | Башкаруучу кадрлар резервинен аялдарды жетектөөчү кызмат ордуна дайындоонун максималдуу мөөнөтү үч жылдан ашык эмес |
Квалификацияны жогорулатуу курстарында башкаруучу кадрлар резервине киргизүүгө талапкер болгон талапкерлердин жалпы санынан кеминде 30% аял окутулду | Квалификацияны жогорулатуу курстарында кеминде 60 аял окутулду | |
"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистратура программасы боюнча кеминде 60 аял окуудан өттү | "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистратура программасы боюнча кеминде 120 аял окуудан өттү | |
2. Жогорку квалификацияга жана потенциалга ээ лидер аялдар мамлекеттик башкарууга активдүү катышат. ТӨМ индикатору 5.5.1. Аялдар ээлеген орундардын үлүшү а) улуттук парламенттерде жана б) жергиликтүү бийлик органдарында ТӨМ индикатору 5.5.2. Жетекчи кызмат орундарында аялдардын үлүшү | Бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 20%ды түзөт | Бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 30%ды түзөт |