Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын

 

2024-жылдын 22-февралындагы №10

 

Шаар аймагында бак-дарактарды санитардык тазалоо, бутоо жана куурап калгандарын түбүнөн алып салуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын аймагындагы бак-дарактарды санитардык тазалоо, бутоо жана куурап калгандарын түбүнөн алдыруу, жөө адамдар басуучу тротуарлар Эс алуу багын реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу максатында Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын 30.01.2024-жылдагы №01-17/75 сунушу “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.02.2024-жылдагы жыйналышында каралган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы, токтом кылат:

1.     Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, шаар аймагындагы бак-дарактарды инспекциялоо үчүн атайын комиссия түзүлсүн, курамына Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынан бир өкүл кошуу жагы эске алынсын.

 

2.     Комиссия курамына төмөндөгү депутаттар кошулсун:

1)    Токтосунов Рысбек Райымбекович - “Тынчтык” саясий партиясынан депутат;

2)    Нургазиев Тынчтыкбек Гүлжигитович –“Ишеним” саясий партиясынан депутат;

 

3.     Шаар аймагындагы бак-дарактардын абалын аныктоо иштерин мыйзамдарда белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүү атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

 

4.     Бак-дарактарды санитардык тазалоо, бутоо жана куурап калгандарын түбүнөн алып салуу иштери экологиялык талаптарды сактоо менен, тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксат берүүчү документтердин негизинде гана жүзөгө ашырылсын.

 

5.     Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Токтогул шаардык кеңешине кеңири маалымат берүү жагы Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин.

6.      

7.     Токтогул шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн, Эс алуу багын реконструкциялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу, жөө адамдар басуучу жолдорду курууга даярдык көрүү багытында кечиктирилгис иш-аракеттер көрүлсүн.

 

8.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Токтосунов Р.Р) тапшырылсын.

 

9.     Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

10. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

11. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет

 

 

 

 

 

Төрага

М.Т. Борбугулов