Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 107 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 81
Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып беш күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркелген тизмекке ылайык белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына жана Дүйнөлүк соода уюмунун Катчылыгына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө кабарласын;
- Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2024-жылдын 1-мартындагы № 17 (3570) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Минералдык жер семирткичтердин ТИЗМЕГИ
№ | ТЭИ ТН коду | Позициялардын аталышы |
1 | 3101 000000 | Жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган жер семирткичтер, аралашкан же аралашпаган, химиялык жол менен иштетилген же иштетилбеген; өсүмдүктөрдөн же жаныбарлардан алынган продуктуларды аралаштыруу же химиялык иштетүү жолу менен алынган жер семирткичтер |
2 | 3102 | Минералдык же химиялык жер семирткичтер, азоттук: |
3 | 3102 10 | - мочевина, анын ичинде суудагы эритмеде: |
4 | 3102 100 | мочевина, кургак суусуз продуктуга эсептегенде 45 мас. %дан ашык азоту бар |
5 | 3102 10 900 0 | - башка |
6 |
| - аммоний сульфаты; кош туздар жана аммоний сульфаты менен аммоний нитратынын аралашмалары: |
7 | 3102 21 000 0 | - аммоний сульфаты; |
8 | 3102 29 000 0 | - башкалар |
9 | 3102 30 | - аммоний нитраты, анын ичинде суудагы эритмеде: |
10 | 3102 30 100 0 | - суудагы эритмеде |
11 | 3102 30 900 0 | - башка |
12 | 3102 40 | - аммиак нитратынын кальций карбонаты же жер семирткичи болуп эсептелбеген башка органикалык эмес заттар менен аралашмалары: |
13 | 3102 40 100 0 | - 28 мас. %дан ашык эмес азоту бар |
14 | 3102 40 900 0 | - 28 мас. %дан ашык азоту бар |
15 | 3102 50 000 0 | - натрий нитраты |
16 | 3102 60 000 0 | - кош туздар жана кальцийдин нитраты менен аммоний нитратынын аралашмалары |
17 | 3102 80 000 0 | - мочевина менен аммоний нитратынын суудагы же аммиактуу эритмедеги аралашмалары |
18 | 3102 90 000 0 | - башкалар, анын ичинде мурунку субпозицияларда аталбаган аралашмалар |
19 | 31 03 | Минералдык же химиялык жер семирткичтер, фосфордук: |
20 |
| - суперфосфаттар: |
21 | 3103 11 000 0 | 35 мас. % жана андан ашык дифосфор пентаоксиди (Р2O5) бар |
22 | 310319 000 0 | - башкалар |
23 | 3103 90 000 0 | - башкалар |
24 | 3104 | Минералдык же химиялык жер семирткичтер, калийдик: |
25 | 3104 20 | - калий хлориди: |
26 | 310420 100 0 | - кургак суусуз продуктуга эсептегенде К2Ого эсептегенде 40 мас. %дан ашык эмес калийи бар |
27 | 3104 20 500 0 | - кургак суусуз продуктуга эсептегенде К2Ого эсептегенде 40 мас. %дан ашык, бирок 62 мас. %дан ашык эмес калийи бар |
28 | 310420 900 0 | - кургак суусуз продуктуга эсептегенде К2О эсептегенде 62 мас %дан ашык калийи бар |
29 | 3104 30 000 0 | - калий сульфаты |
30 | 3104 90 000 | - башкалар |
31 | 3104 90 000 1 | - карналлит |
32 | 3104 90 000 9 | - башкалар |
33 |
| Эки же үч азыктандыруучу минералдык же химиялык жер семирткичтер: азот, фосфор жана калий камтылган элементтер; башка жер семирткичтер; таблеткалардагы же окшош формадагы же таңгактагы, брутто салмагы 1 кг ашпаган ушул топтогу товарлар: |
34 | 3105 20 | - уч азыктандыруучу минералдык же химиялык жер семирткичтер: азот, фосфор жана калий камтылган элементер: |
35 | 3105 20 100 0 | - кургак суусуз продуктуга эсептегенде 10 мас. %дан ашык азоту бар |
36 | 3105 20 900 0 | - башкалар |
37 | 3105 30 000 0 | - диаммоний-суутек фосфаты (диаммоний фосфаты) |
38 | 3105 40 000 0 | - аммоний дисуутек фосфаты (моноаммоний фосфаты) жана анын диаммоний суутек фосфаты (диаммоний фосфаты) менен аралашмалары |
39 |
| - эки азыктандыруучу элемент: азот жана фосфор камтылган минералдык же башка химиялык жер семирткичтер: |
40 | 3105 51 000 0 | - нитраттар жана фосфаттар камтылган |
41 | 3105 59 000 0 | - башкалар |
42 | 3105 60 000 0 | - эки азыктандыруучу минералдык же башка химиялык жер семирткичтер: фосфор жана калий камтылган элементтер: |
43 | 3105 90 | - башкалар: |
44 | 3105 90 200 0 | кургак суусуз продуктуга эсептегенде 10 мас. %дан ашык азоту бар |
Эскертүү:
1) ТЭИ ТН кодун, ошондой эле минералдык жер семирткичтердин аталыштарын да жетекчиликке алуу зарыл;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн органикалык, биоорганикалык жана органикалык-минералдык жер семирткичтерди экспорттоого төмөнкүлөрдүн негизинде уруксат берилет:
- ташылып чыгуучу жер семирткичтин ар бир партиясына Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан берилүүчү экспорттун максатка ылайыктуулугу жөнүндө жана жер семирткичтердин номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып чыгарууну жүзөгө ашыруучу уюмдар жөнүндө маалымат камтылган корутундунун;
- жер семирткичтердин Кыргыз Республикасында чыгарылгандыгы жөнүндө сертификаттын.