Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын 1 кезектүү

сессиясы

2024-жылдын 19 –январы №2

 

Айыл калкынын ичүүчү таза суу пайдалануу тарифтерин жогорулатуу жөнүндө

 

          Ичүүчү таза суу пайдалануучулардын сууга болгон төлөмдөрүн оптималдаштыруу, айылдын калкын  ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарттарды түзүү максатында суу пайдалануу тарифтерин жогорулатуу жөнүндө  “Таарылга-Булак” таза суу бирикмесинин жетекчиси Ы.Иманалиевдин сунушун угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” мыйзамынын  39-беренесине ылайык жана айылдык кенештин регламентин жетекчиликке алып айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:

1.Айыл жашоочуларына ичүүчү таза суу пайдалангандыгы үчүн төмөндөгүдөй тариф бекитилсин:

-турак үйүндө суу түтүгү барларга, киши башына  20 сом өлчөмүндө;

-суу түтүгү жок үйлөргө киши башына 10 сом өлчөмүндө;

2.Ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрүн өз мөөнөтүндө жыйналышын камсыз кылуу жагы “Таарылга-Булак” таз суу бирикмесинин жетекчиси Ы.Иманалиевге тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асанбаевге тапшырылсын.

 

 

 

Айылдык кенештин төрагасы:                                                                       М.Ибаков