Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Барскоон айылдык Кенешинин

XXVIII-чакырылышынын 1 кезектүү сессиясы

2024-жылдын 19 –январы №3

Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги эркин калдыктар жөнүндө

 

Эл депутаттарынын Барскоон айылдык кеңешинин сессиясынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Мамыркановдун айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жыл аягында эркин калдыктар жөнүндөгү билдирүүсүн угуп

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жергиликтүү бюджеттеги 2024-жылдын 1-январь айына карата эркин калдыктар 2 764,0 миң сом бюджеттик эсептен жана 298,9 миң сом өлчөмүндө атайы эсептен жүргүзүлсүн жана анын ичинен:

1.     Өткөн жылдын аягына бүтпөй калып калган жумуштарга:

1.     «Жаштык» участкасына суу тартуу жумуштарына – 236,9 миң сом;

2.     «Туюк» өрөөнүнөн суу тартып келүү жумуштарына – 1700,0 миң сом;

2.     Барскоон айылындагы бала бакчаларга тамак аш сатып алууга – 588,7 миң сом;

3.     Т.Орумбаев атындагы бала бакчага шаймандарды сатып алууга – 238,5 миң сом;

4.     Атайы эсептен Т.Орумбаев атындагы бала бакчага күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды, шаймандарды сатып алууга – 298,9 миң сом;

5.     Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

6.     Токтомдун аткарылышын камсыздоону айыл өкмөт башчысы А.Асанбаевге тапшырылсын.

 

 

Барскоон айылдык кеңешинин төрагасы:            М.Ибаков