Загрузка документа…
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 токтомуна)
|
|
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын (мындан ары - Улуттук программа) негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
Программа жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн буга чейинки программасын ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт.
1-глава. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ез алдынча башкаруусунун учурдагы абалы жана өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу коомдук бийликтин баштапкы жана маанилүү звеносу, жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусунун формасы болуп саналат. Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасынын конституциялык принциптери Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында саясий, административдик жана башка өзгөртүп түзүүлөрдүн негизи болуп калды. Улуттук программага ылайык Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы модели өзүнө эки курамдык бөлүктү камтууга тийиш: (1) бийликтин натыйжалуу вертикалын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик башкаруунун жаңыланган системасы жана (2) башкаруу системасын реформалоону ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү жаңы административдик-аймактык бөлүү, мында башкаруудагы реформа административдик түзүлүштөрдүн жаңы чектерине карата башкы милдет болуп саналат.
Мамлекеттик түзүлүш системасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу элдин өз бийлигин жүзөгө ашыруусунун өз алдынча формасы, башкаруу институту катары таанылган, анын өзөгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде тиешелүү аймакта мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү принциби жатат.
Өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкарууну иштетүүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеринде бийлик органынын функцияларын аткаруунун жеке практикасы калыптанган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчикке ээлик кылат, пайдаланат жана аларды тескейт, каржылоонун эки деңгээлдүү системасы иштеп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга жаңы технологиялар киргизилүүдө, "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо иштеп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу" юридикалык жактардын бирикмеси коргоп келет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын түзүүнүн тартиби мыйзамдык негизде өзгөрдү: эми айыл өкмөт башчылары менен шаарлардын мэрлерин Кыргыз Республикасынын Президенти жана жергиликтүү администрациялардын башчылары дайындап калды.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системасынын аналогиясы боюнча уюштурулган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри административдик ыйгарым укуктардан келип чыгуучу 11 кызмат көрсөтүүнү камтыйт. Ошол эле учурда көптөгөн маанилүү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде аймактардын жашоо-турмушун камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрү, социалдык-маданий жана жарандарга иш жүзүндө көрсөтүлгөн башка кызматтар реестрге киргизилген эмес, алар башка тарма1стык мыйзамдар менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселесинде солгун жылыш байкалып жатат. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү институту толук кандуу иштеп кете элек, бул чөйрөдөгү мыйзамдардын талаптары талаптагыдай аткарылбай жатат.
Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү чөйрөсүндө тиешелүү ченемдик укуктук база бар. Мындай окутууну каржылоо маселеси чечилди. Жыл сайын республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик заказ ишке ашырылып келет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө жобо саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата да колдонулат.
Муниципалдык кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу процессин санариптештирүү боюнча айрым чаралар көрүлүүдө. Электрондук форматта тооруктарды ишке ашыруунун (электрондук соода аянтчасы) укуктук мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты. Санариптештирүүнүн алкагында "Муниципалдык мүлк объекттерин эсепке алуунун бирдиктүү реестри" (мындан ары - "ММБР") модулу, ошондой эле "Санарип аймак" АМСтеги "Жеке турак жай куруу үчүн жерлерди берүү" модулу (мындан ары - "ЖТК") иштелип чыгууда.
Жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалынын негизин киреше салыгынан чегерүүлөр; атайын салык режимдеринин алкагында алынуучу салыктар (патент, бирдиктүү салык, салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы); жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар жана жыйымдар түзөт (орточо 60%га жакын) [Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча баалоо]. Киреше потенциалынын калган 40%ын мүлктүк салыктар, салыктык эмес кирешелер жана расмий трансферттер түзөт. Жергиликтүү жамааттар салыктык жана салыктык эмес булактардан киреше алуу мүмкүнчүлүгүнө чектелген көлөмдө гана таасирин тийгизе алышат. Азыркы учурда жергиликтүү салыктарды чогултууну тескөө боюнча тиешелүү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 60%ына берилген. Ошону менен бирге бул ыйгарым укуктарды берүү өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткарууну материалдык, финансылык жана башка жактан камсыз кылуу жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды талаптагыдай сактабастан ишке ашырылып жатат.
Саясий, уюштуруучулук, материалдык жана башка ресурстарды бириктирүүнүн эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн шарттарды түзүү максатында бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилүүчү максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар түрүндөгү муниципалитеттер аралык кызматташтыкты каржылоо механизми киргизилген. Бул механизм муниципалитеттерге турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерин натыйжалуу чечүүгө, чыгымдарды азайтуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүдө.
Аймактык-мейкиндик пландоонун заманбап ыкмаларын жана инвестициялык активдүүлүккө дем берүүнүн жаңы механизмдерин колдонуу менен өнүктүрүүнүн ири таяныч борборлорун түзүүгө жана райондорду адистештирүүнүн прогрессивдүү принциптерине негизделген аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2-глава. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрү
§ 1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга жергиликтүү жамааттын катышуусу менен байланышкан көйгөйлөр
Жергиликтүү кеңештердин депутатына талапкерлердин квалификациясына, анын ичинде билимине, мамлекеттик түзүлүш боюнча мыйзамдарды билүүсүнө карата анча бийик эмес талаптар коюлат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, жалпысынан саясий кызмат адамдарынын квалификациясын жогорулатуунун жана окутуунун мамлекеттик системасы системалуу жаңылоого жана колдоого муктаж.
Жергиликтүү жамааттардын демилгелерин бюджеттик булактардан каржылоону колдоонун формалары начар өнүккөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү демилгени каржылоону жүзөгө ашыруунун укуктук мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок финансылык каражаттардын болушуна карата чектелген. Бул жергиликтүү жамааттардын демилгелерин бюджеттик булактардан, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен каржылоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгууну талап кылат.
§ 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана жергиликтүү жамаатка отчеттуулугун жогорулатуу чөйрөсүндөгү проблемалар
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындыгынын жана отчеттуулугунун формалары калктын пикирин аныктоо үчүн артыкчылыктуу жана бул пикирди эсепке алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелерин карабайт. Жергиликтүү тургундар адатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган чечимдер жөнүндө маалыматка ээ эмес. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ресурстары, мүмкүнчүлүктөрү жана иши жөнүндө аз маалымдуулугу ашыкча күтүүлөрдүн пайда болушуна алып келет, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жалпысынан бийликтин иш-аракеттерине калктын социалдык нааразычылыгынын потенциалдуу тобокелдигине ээ. Жалпысынан башкаруу органдарына жана муниципалдык кызматчыларга карата ачык-айкындык жана отчеттуулук принциптерин кармануу үчүн дем берүү чаралары жекече каралган эмес, бул принциптерди бузуу үчүн жоопкерчилик чаралары да каралган эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында отчеттуулугунун форматтары жана жол-жоболору жок, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине коом тарабынан баа берүүнүн колдонуудагы практикасы субъективдүү эмес, ал ачык критерийлерге жана конкреттүү көрсөткүчтөргө таянбайт, бул коомдук пикирди манипуляциялоо потенциалдуу тобокелдигин жаратат. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын аракеттерине же аракетсиздигине түздөн-түз чара көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Жергиликтүү маанидеги маселелердин мазмуну, түшүнүгү, сандык жана сапаттык параметрлери мыйзамдарда сыпатталган эмес, бул аталган маселелерди чечүүнү кыйындатат. Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын жана жергиликтүү бюджеттердин түзүмү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен дал келбейт, бюджеттик классификацияда чыгымдардын тиешелүү беренелери каралган эмес. Жергиликтүү жамааттын типтүү уставы мыйзамдардын жоболорун айрым учурларда кайталап, жергиликтүү маанидеги маселелерди белгилөөнүн жана чечүүнүн тартибин ачып бербейт. Натыйжада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жергиликтүү маанидеги маселелерге да, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга да тиешелүү болбогон маселелерди киргизүү уланууда; ал эми мыйзамдарга киргизилген жергиликтүү маанидеги айрым маселелер жергиликтүү өз алдынча башкарууга мүнөздүү эмес; жергиликтүү маанидеги ар бир маселе үчүн иштелип чыккан сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн жоктугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн соңку жыйынтыктарын ченемдөөгө, стандартташтырууга жана баалоого мүмкүндүк бербейт.
Мыйзамдарда коомдук функцияларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларына киргизүүнүн критерийлери жок, натыйжада алардын компетенциясына функциялар алардын потенциалын жана ресурстарын, ошондой эле аларды натыйжалуу жана сапаттуу аткарууга жөндөмдүү экендигин баалоону эске албастан берилүүдө. Мындан тышкары, жергиликтүү маанидеги маселелерди кеңейтүүнүн эсебинен ЖӨБ органдарына жергиликтүү өз алдынча башкарууга мүнөздүү болбогон функциялар берилип жатат, ал эми салттуу түрдө жергиликтүү маанидеги маселелер деп эсептелген айрым функциялар өзүнүн масштабынын кеңейишинен улам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын таасир этүү чегинен чыгып кетүүдө. Алсак экологиялык коопсуздук, катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү жана кайра иштетүү маселелери мамлекеттик колдоо менен башкаруунун башка деңгээлинде чечилиши керек. Мындай маселелерге жолдорду куруу, шаар куруу жана архитектура, ичүүчү суу менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, ирригация жана башка бир катар маселелерди да киргизүүгө болот.
Башка жагынан алганда, жергиликтүү өз алдынча башкарууга жергиликтүү деңгээлде чечүү натыйжалуу болгон айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдө өткөрүп берүүнүн жол-жоболорунун сакталбагандыгы байкалууда:
- мамлекеттик органдардын өткөрүп берүүсү бийликти (ыйгарым укуктарды) жана каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына алып коюу катары каралат;
- мамлекеттик органдардын ишинин натыйжаларын баалоо механизми жок;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоого багытталган трансферттердин көлөмүн эсептөө методикасынын кемчиликтери бар, мамлекеттик органдардын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү үчүн зарыл болгон каражаттардын көлөмүн өз алдынча эсептөөгө мүмкүндүк бербейт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмүн жана штаттык санын аныктоо, берилген мамлекеттик функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон штатты жалдоо боюнча административдик ыйгарым укуктар чектелген.
Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын (жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын) билим деңгээли жана квалификациясы аларга өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн көп учурда жетишсиз. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы тууралуу билимдерге ээ болушу керек. Азыркы учурда аталган адамдарды окутуунун мөөнөттөрүнө карата талаптар жок, окутуу алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнө карабастан жүргүзүлүп келет. Көрсөтүлгөн адамдардын чакан саны мамлекеттик заказдын алкагында окуудан өтүүдө, бирок бул алардын өз ыйгарым укуктарын тийиштүү деңгээлде аткаруулары үчүн жетишсиз. Мыйзамдарда саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутууну каржылоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдер жок.
2004-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары бир нече жолу жаңы редакцияда кабыл алынгандыгына карабастан, бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын колдонууда.
Ушуга байланыштуу Нарын облусунун жана Түп районунун пилоттук айылдык аймактарында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны эске алуу менен колдонуудагы ченемдик укуктук актыны кайра кароо жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жаңы типтүү кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгууда.
Муниципалдык мүлк, анын ичинде муниципалдык жерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пайдаланууга берилген жерлер сарамжалсыз жана натыйжасыз күтүлүүдө жана пайдаланылууда. Бардык эле муниципалдык мүлктөр мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өткөн эмес, башкача айтканда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык менчик укугу бекитилип берилген эмес. Муниципалдык мүлк мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, социалдык заказ, айрым функциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги сыяктуу чарба жүргүзүүнүн заманбап методдорун киргизүү үчүн толугу менен пайдаланылбай келет. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү аны пайдалануунун негизги формасы бойдон калууда. Муниципалдык мүлктү күтүүгө кеткен чыгымдар кээде аны пайдалануудан түшкөн кирешелерден ашып кетет, кирешелерди пландоо жана болжолдоо системасы түзүлгөн эмес, иш жүзүндө негизги фонддорду жаңылоо инструменти катары амортизациялык фонддор жок, айыл чарбасында жерлер кыйла күрдүү жерлерден суроо-талапка ээ эмес жерлерге трансформациялоого дуушар болууда, жайыттар бара-бара деградация болууда. Бардык эле жергиликтүү кеңештер муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алган эмес, муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программаларын бекиткен эмес, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына тиешелүү контроль жүргүзүлгөн эмес.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттик чөйрөдө айыл аймактарынын 70%ынан ашыгы дотациялык болуп саналат, бирок жалпысынан теңдештирүүчү трансферттер жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарынын 30%ына жакынын түзгөн. Бул өз ара байланыштагы эки көйгөйдүн бар экендигине күбө болот: жергиликтүү бюджеттердин дотациялуулугу; жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын өстүрүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мүлк салыгын жана патенттин негизиндеги салыкты жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү толук көлөмдө каралган эмес, алар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 62-беренесинин жоболорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү үчүн каралган. Теңдештирүүчү трансферттердин негизги максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык күч-аракеттердин орточо деңгээлден төмөн эмес деңгээлинде бюджеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттык көлөмүнө жетүүнү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берүү аткарылган эмес.
Муниципалдык кызматташтыкты иш жүзүндө уюштурууда кыйынчылыктар бар. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында муниципалдык кызматташтык түшүнүгү аныкталган эмес, аларды түзүү, каржылоо жана ишин жөнгө салуу жол-жоболору толук жазылган эмес.
Республиканын административдик-аймактык түзүлүшү оптималдаштырууну талап кылууда.
Бүгүнкү күнү республиканын 100дөн ашык калктуу конушу айыл категориясына кирбейт, бул каттоо, документтерди тариздөө маселелерин, ошондой эле ушул калктуу конуштун башка социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө элге кыйынчылыктарды жаратууда. Жагымсыз аталыштагы айрым административдик-аймактык жана аймактык бирдиктердин аталышын өзгөртүү талап кылынууда.
§ 3. Социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөр
Маалыматтарга негизделген системаны жана социалдык-экономикалык жана мейкиндиктик пландоону жана тиешелүү аймактарды өнүктүрүүнү болжолдоону айкалыштырууга мүмкүндүк берүүчү улуттук, региондук жана жергиликтүү өнүктүрүү пландарынын иерархиясын түзүү боюнча чаралар көрүлбөй келет. Башкы пландардын болушу аларды калктуу конушту өнүктүрүүнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык келечектери менен автоматтык түрдө айкалышын билдирбейт. Укуктук зоналарга бөлүү жана жер ресурстарын стратегиялык башкаруу практикасы өнүккөн эмес, калктуу конуштардын чектеринде вертикалдык курулушка дем берүү сыяктуу жерди натыйжалуу пайдалануу чаралары көрүлбөйт. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары адамдын керектөөлөрүн эске албайт, б.а. керектөө топторуна жана кызыкчылыктар топторуна бөлбөйт. Адамдын жашоо сапатын жана өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга карата суроо-талаптар өсүүдө, бирок канааттандырылбайт: тазалоочу курулмаларды жана айылдык канализацияны орнотуу; жеке өнүгүү үчүн жергиликтүү маданий, спорттук жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу; финансылык, технологиялык жана маалыматтык ресурстарга жетүү жолу менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга анча көңүл бурушпайт, анткени программалар практика жүзүндө бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы булактардан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин каржылоого эч байланышкан эмес.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бир нече санариптик системалар орнотулган жана иштейт: "Санарип аймак" ("Социалдык паспорт", "ММБР", "ЖТК" модулдары), "E-kyzmat", "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы. Бул системалар пландоонун сапатын олуттуу түрдө жогорулатууга жана маалыматтардын негизинде болжолдоо элементтерин киргизүүгө мүмкүндүк берет жана талап кылат.
Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулук жана экологиялык коопсуздук башкаруунун жаңы методдорун жана практикаларын талап кылууда. Жаңы чакырыктар, пландоо горизонтторунун чектелүүлүгү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын климаттык жана экологиялык тобокелдиктер тууралуу начар маалымдуулугу айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө талаптагыдай чара көрүүгө мүмкүндүк бербейт. Улуттук деңгээлдеги стратегиялык документтердин максаттуу милдеттери менен аларды жергиликтүү коомдоштуктардын деңгээлинде жүзөгө ашыруунун ортосунда ажырым байкалууда. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чөйрөсүндө активдүү иш-аракеттердин, аймактардын соода жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүнүн зарылдыгы да жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде, мамлекеттик башкаруунун улуттук жана региондук деңгээлдеринде пландоону айкалыштырууну талап кылат.
3-глава. Программанын максаты
Программанын максаты - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү коомдоштуктардын ролун, шаарларда жана айыл аймактарында жарандардын жашоосун ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдоштуктардын алдындагы отчеттуулугун жана жоопкерчилигин күчөтүү.
4-глава. Программанын артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери
1-багыт. Жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомдоштук - натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун булагы.
2-багыт. Натыйжалуу жана жергиликтүү коомдоштукка отчет берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3-багыт. Туруктуу өнүктүрүүнү башкаруунун фактору катары социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоо.
§ 1. Жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомдоштук-натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун булагы
1.1-милдет. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга укуктарын ишке ашыруу үчүн механизмдерди өнүктүрүү
Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруунун укуктук жана техникалык шарттары жакшыртылууга тийиш. Бул үчүн милдет жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн колдонуудагы жана жаңы формаларын өнүктүрүүгө багытталган бир катар чараларды карайт. Айыл аймагынын же шаардын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүгө жергиликтүү коомдоштукту тартуунун типтүү планы (коомдук-коммуникациялык стратегиясы) иштелип чыгат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин практикасына киргизилет. Өнүктүрүүдө жергиликтүү жамааттардын ролун күчөтүү үчүн жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик бюджеттен каржылоо механизми иштелип чыгат.
1.2-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү коомдоштуктун алдындагы отчеттуулугун жана ачыктыгын күчөтүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчеттуулук механизмдерин киргизүү жана жол-жоболорун аткаруу үчүн жоопкерчилиги жогорулайт. Отчеттуулук жол-жоболору жарандарды маалымдоо жана аларга чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жагынан гана эмес, жарандардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу жагынан да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгынын критерийлерин жана принциптерин камтыйт. Жарандардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн өзгөчө мүнөзгө ээ болот.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгын күчөтүү жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши жөнүндө маалыматка жетүүсүн жакшыртуу үчүн жергиликтүү коомдоштуктун типтүү уставында аныкталган жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун укуктук шарттары кайра каралат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү коомдоштуктун катышуусунун активдүүлүгүнүн өсүшүнүн көрсөткүчтөрү киргизилет; коммуникациялардын жана катышуунун колдонуудагы жана жаңы формаларын, анын ичинде санариптик формаларын өнүктүрүү боюнча методикалык материалдар иштелип чыгат.
1.3-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин өркүндөтүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжаларына баа берүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын ролун күчөтүү, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге квалификациялык талаптарды мамлекеттик түзүлүш жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негиздерин билүү талабы менен толуктоо керек. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин аныктаган мыйзамдарды өркүндөтүү зарыл. Буга байланыштуу чечимдин долбоору жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бөлүштүрүү боюнча типтүү нускама" методикалык колдонмо иштелип чыгат.
§ 2. Натыйжалуу жана жергиликтүү коомдоштукка отчет берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
2.1-милдет. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкка кызматтарды көрсөтүү системасы күнүмдүк маселелерди оперативдүү чечүүгө, өнүктүрүүнү пландоого жана болжолдоого тийиш, ресурстар жана финансы менен камсыз кылууга, натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн баалоону, анын ичинен жарандардын коомдук мониторингге катышуусу аркылуу коомдоштук тарабынан баалоону камтууга тийиш. Мыйзамдарда башкаруу маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерге киргизүү принциптерин белгилөө зарыл. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча чыгымдык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн бюджеттик классификацияда жергиликтүү маанидеги маселелерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырып, ченемдик негизде бекитүү керек.
2.2-милдет. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын мыйзамдарга толук шайкеш аткарылышы үчүн өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоого жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн методикасын өркүндөтүү керек.
Жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны эске алуу менен башкаруулардын деңгээлдеринин (облустук, райондук жана айыл аймагы/шаар) ортосунда функцияларды бөлүштүрүүнүн тең салмактуулугуна талдоо жүргүзүү, жергиликтүү маанидеги маселелерге киргизилген калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү функцияларын региондук деңгээлге өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана карап чыгуу керек.
Мамлекеттик органдардын түздөн-түз колдоосунда республикалык бюджеттен максаттуу каржылоо менен муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын механизмдерин камтыган катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча пилоттук региондук план иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
2.3-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү
Ыйгарым укуктарды толук көлөмдө жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын (жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын) кадрдык потенциалын жогорулатуу. Мамлекеттик заказдын алкагында саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутуу улантылат. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутуунун ведомстволук багыты аркылуу окутууну андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу зарыл. Бул адамдарды мамлекеттик заказ аркылуу да, ошондой эле окутуунун ведомстволук багытынын алкагында да окутуунун зарылдыгын жана милдеттенмелерин ченемдик жактан бекемдөөнү күчөтүү зарыл.
Окутуу саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн милдеттүү болуп калат. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутууну каржылоону мыйзам менен бекитүү боюнча чаралар көрүлөт.
2.4-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстук базасын чыңдоо
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун реестри жана кадастры менен айкалыштырып, Муниципалдык менчикте турган объекттерди эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен муниципалдык менчикти башкаруу процессин жана натыйжаларын эсепке алууну санариптештирүү, муниципалдык мүлккө (менчик, ижара, пайдалануу) карата укуктарды берүүнүн электрондук форматын (электрондук соода аянтчасын) андан ары киргизүү, муниципалдык менчикте турган объекттерди берүү боюнча комиссиялардын иш процессин санариптештирүү улантылат.
Бюджеттер аралык мамилелер системасын өнүктүрүү жергиликтүү маанидеги маселелердин курамын тактоо жана чыгымдардын тийиштүү көлөмүн баалоо менен тыгыз байланышта болууга тийиш. Теңдештирүүчү трансферттердин негизги максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык күчтөрдүн ортодон төмөн эмес деңгээлде жергиликтүү бюджеттен каржылануучу каражаттардан кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттык көлөмүнө жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Бул үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: салыктардын айрым түрлөрүнүн түшүүлөрү боюнча пландарды ашыра аткаруунун натыйжалары боюнча же негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүндө берилүүчү трансферттердин же гранттардын жардамы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түз дем берүү; Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 62-беренесинде каралган ыйгарым укуктарды башка салыктарга жайылтууну кошуп алганда, салыктарды администрациялоо бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү; теңдештирүүчү трансферттердин эсептелген көлөмдөрүн толук же жарым-жартылай алмаштыруу үчүн салыктардан чегерүүлөрдүн дифференцияланган ченемдерин пайдалануу жолу менен бюджеттер аралык жөнгө салуунун дем берүүчү натыйжасын түзүү. Теңдештирүүчү трансферттерди бөлүштүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоготууларга учурабоого тийиштигин эске алып, бюджеттик мыйзамдарда каралган трансфертти кийинки үч жылдын ичинде төмөндөтпөө механизмин сактоо максатка ылайыктуу.
Маалымат алмашуу, салык базасын легалдаштыруу; салыктык жана салыктык эмес кирешелерди администрациялоонун натыйжалуулугун баалоо маселелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен салык органдарынын конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү улантылат.
2.5-милдет. Административдик-аймактык түзүлүштү оптималдаштыруу
Улуттук программада административдик-аймактык түзүлүштү реформалоонун зарылдыгы каралган, аны ишке ашыруу максатында айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны (мындан ары - ААР) пилоттук режимде жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
ААР шарттарында ишти жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылар жана методикалык сунуштамалар иштелип чыгат, ААР шарттарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши боюнча окуулар, консультациялар өткөрүлөт.
Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бардык зарыл документтер даярдалат.
Республиканын калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү, ошондой эле кулакка жагымсыз аталыштагы административдик-аймактык жана аймактык бирдиктерди атоо жана кайра атоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен тиешелүү иштерди жүргүзүү зарыл.
§ 3. Өнүгүүнү туруктуу башкаруунун фактору катары социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоо
3.1-милдет. Маалыматтарды пайдалануу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоо, өнүгүүнү божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен күч-аракеттери менен өнүгүүнү пландоо, болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү процесси төмөнкүдөй багыттарда өркүндөтүлөт: мейкиндиктин жана социалдык-экономикалык аспекттерди айкалыштыруу, адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылуу; жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо, калктуу конуштарды, инфраструктураны жайгаштыруу, уюштуруу жана өнүктүрүү маселелеринде жерди сарамжалдуу пайдалануу.
3.2-милдет. Жергиликтүү коомдоштукка климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга көмөктөшүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары климаттын өзгөрүү шарттарында тобокелдиктерди баалоону жана жергиликтүү коомдоштуктардын жашоого туруктуулугун жогорулатуу жана калктын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча системалуу чараларды жүзөгө ашырууну үйрөнүүгө тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, калкты климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери жана аларды жумшартуу жөнүндө маалымдоо боюнча чаралар киргизилет.
5-глава. Мониторинг жана баалоо
Программаны ишке ашыруу процессин башкаруу артыкчылыктуу багыттардын актуалдуулугуна системалуу талдоону жана баалоону, көрүлгөн чаралардын жана иш-чаралардын натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнү, билдирилген максаттардан четтөөнү аныктоону, алардын келип чыгуу себептерин талдоону, зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүүнү карайт. Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик уюштурат.
Мониторинг жүргүзүү биргелешкен мүнөзгө ээ жана бул максаттар үчүн мониторингдин биргелешкен тобу түзгөн күчтөр тарабынан жүргүзүлөт, ага программаны ишке ашыруунун ар кандай кызыкдар тараптары жана катышуучулары, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу" юридикалык жактардын бирикмеси, жарандык коомдун көз карандысыз институттары, эксперттик коомчулук, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кирет. Мониторингдин биргелешкен тобу мониторингдин планын иштеп чыгат жана аткарат, анда мониторингдин милдеттери жана объекттери көрсөтүлөт, Программаны ишке ашыруунун бардык багыттары боюнча индикаторлор системасы түзүлөт. Программанын милдеттерин аткарууда же максаттарына жетишүүдө конкреттүү жана өлчөнүүчү түшүндүрмөлөр түрүндө прогрессти өлчөөдө да индикаторлор объективдүү текшерилүүгө тийиш.
Баалоону ыйгарым укуктуу орган жылына бир жолудан кем эмес көз карандысыз эксперттерди жана уюмдарды тартуу менен уюштурат. Баалоо Программада билдирилген максаттарга, анын ичинде орто аралыктагы максаттарга жетүү даражасын аныктоо, ошондой эле калктын жетишилген натыйжаларга канааттануу даражасын аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдын, "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин расмий сайттарына жана башка интернет-ресурстарга натыйжаларды жайгаштыруу жолу менен мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжаларынын ачыктыгы камсыз кылынат.
6-глава. Тобокелдиктерди башкаруу
Программаны ишке ашыруунун потенциалдуу тобокелдиктери:
- саясий-программалык тобокелдик - жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мамлекеттик саясатты өзгөртүү программалык максаттардын жана милдеттердин өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн;
- фискалдык-экономикалык да, саясий-башкаруучулук да башка багыттар боюнча реформалардын тең салмактуулугунун жоктугу;
- программалык максаттар жана милдеттер алсыз башкаруу системасына жана кадрлардын төмөн потенциалына туш болот;
- Программаны ишке ашырууга каражаттардын жетишсиздиги анын ишке ашпай калуусуна себеп болушу мүмкүн.
Ушул жана башка тобокелдиктер деталдуу талданат жана кеңейтилет.
Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктерди башкаруу өзүнө төмөнкү чараларды камтыйт:
- Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктерди байкоо жана баалоо боюнча мониторинг тобун түзүү;
- мониторинг тобунун күчү менен Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктерди башкаруу планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- өлкөлүк жана тармактык программалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүнө жана натыйжалуулугуна тийгизген таасирине талдоо жүргүзүү, алар келип чыккан учурда түзөтүүлөрдү киргизүү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тобокелдиктерди башкаруу боюнча пландын аткарылышынын натыйжаларын туруктуу негизде кароо;
- колдо болгон ресурстарды пайдалануу жана аймактарды өнүктүрүү булактарын кеңейтүү боюнча иштерди натыйжалуу жүргүзүү.