Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1994-жылдын 12-январы № 1400-XII
"Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 30-январындагы "Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991-жыл, № 3, 101-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 34-статьянын алтынчы пунктундагы "Мамлекеттик пошлина" деген сөздөр: "Сотторго, нотариатка жана ЗАГСтарга кайрылган учурда граждандардан жана юридикалык жактардан алынуучу мамлекеттик пошлинанын 90 проценти" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Акаев |