Загрузка документа…
Көңүл буруңуз!
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 6-марты № 69
Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы багытталган жоопкерчиликти жана чаралардын системасын белгилейт, ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдору - баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорунун тизмесине киргизилген синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон заттар;
2) ташып келүү (импорттоо) жана ташып чыгуу (экспорттоо) - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып өтүү же аларды башка мамлекеттен Кыргыз Республикасына ташып келүү;
3) мамлекеттик квота - Кыргыз Республикасынын баңгизат каражаттарына жана психотроптук заттарга болгон керектөөсүн эсептөөнүн негизинде эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү, медициналык, ветеринардык, илимий жана соттук-эксперттик максаттарында керектөөгө багытталган баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын максималдуу саны, анын чегинде аларды мыйзамдуу жүгүртүү жүзөгө ашырылат;
4) тирүү организм - жашоо белгилерине ээ, бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун камтыган жана тирүү организмдердин тизмесине киргизилген организм;
5) мыйзамдуу жүгүртүү - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген укуктары бар компетенттүү мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо сатуу жана бөлүштүрүү, ташып келүү, ташып чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө менен байланышкан иши;
6) прекурсорлорду алмаштыруучулар - бул баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоодо контролдонуучу прекурсорлорго альтернатива катары пайдаланылышы мүмкүн болгон химиялык заттар же табигый жол менен пайда болгон заттар;
7) даярдоо - пайдаланууга даяр болгон баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди алууга, буга кошуп жапайы өсүүчү (жашоочу) тирүү организмдерди чогултууга багытталган иш-аракеттер;
8) инвентаризациялоо - мыйзамдуу жүгүртүүдө болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин белгилүү бир датага карата аларды эсепке алуу маалыматтары менен салыштыруу аркылуу иш жүзүндө болушун текшерүү;
9) пайдалануу - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди максаттуу колдонуу;
10) баңгизат каражаттары - баңгизат каражаттарынын I жана II тизмелерине киргизилген, синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон заттар;
11) мыйзамсыз жүгүртүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш;
12) ташуу - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын чегинде жөнөтүү;
13) кайра иштетүү - натыйжасында тазалоо (башка кошундулардан тазалоо), препаратта, баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун концентрациясында өзгөрүү, ошондой эле алардын негизинде мамлекеттик контролдоо чаралары жайылтылбаган заттарды алуу жүргөн иш-аракеттер;
14) тизмек - Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмеги;
15) ортомчулар - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин ишине өбөлгө түзүүчү, бирок аларды түздөн-түз түпкү пайдалануучулар болуп саналбаган юридикалык жана жеке жактар;
16) прекурсорлор - алардан же алардын жардамы менен баңгизат каражаттары же психотроптук заттар даярдалышы мүмкүн болгон жана прекурсорлордун тизмесине киргизилген химиялык заттар же табигый жол менен пайда болгон заттар;
17) предпрекурсорлор - баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоодо ортодогу продуктулар катары пайдаланылышы мүмкүн болгон химиялык заттар же табигый жол менен пайда болгон заттар;
18) препарат - бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдер камтылган ар кандай физикалык абалдагы заттардын аралашмасы;
19) өндүрүш - пайдаланууга даяр болгон баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди сериялуу түрдө алууга, буга кошуп жапайы өсүүчү (жашоочу) тирүү организмдерди чогултууга багытталган иш-аракеттер;
20) психоактивдүү таасир - затты (каражатты) кабыл алууда же адамдын организмине киргизүүдө анын психикалык процесстерине таасир этүүсү;
21) психотроптук заттар - психотроптук заттардын I, II жана III тизмелерине киргизилген, синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон заттар;
22) иштеп чыгуу - жаңы баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пландоо, долбоорлоо жана түзүү үчүн илимий изилдөөлөрдүн жана башка билимдердин натыйжаларын колдонуу;
23) бөлүштүрүү - иш-аракеттердин натыйжасында юридикалык же жеке жактар баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду андан ары жүгүртүү үчүн алуусу;
24) контролдоо режими - баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамдуу жүгүртүлүшүн катуу контролдоо даражасын белгилөөчү эрежелердин системасы;
25) атайын кампа запастары - коргоо жана жарандык коргонуу максатында, ошондой эле өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын чегинде турган баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын саны;
26) соодалоо - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жүгүртүү боюнча ишке лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактар тарабынан баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун чыгаруу жана сатып өткөрүү;
27) транзиттөө - тиешелүү лицензиянын (уруксаттын) негизинде иштөөчү юридикалык жактардын баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жерде жүрүүчү транспорт менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу анын чегинен тышкары алып өтүүгө багытталган иш-аракеттери;
28) эсепке алуу - жүгүртүүдөгү баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин кыймылы жөнүндө маалыматтарды чогултуу, каттоо жана жалпылоо системасы;
29) сактоо - баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин иш жүзүндө турушу менен байланышкан иш-аракеттер.
3-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынанегизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эрежелерин (ченемдерин) сактабоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинежана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык куугунтукталат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын жүгүртүүгө да жайылтылат.
4-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу;
2) лицензиялоо;
3) илимий, медициналык жана ветеринардык максаттарында баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
2-глава. Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмеги
5-берене. Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана Прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмеги
1. Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Тизмек төмөнкү тизмелерден турат:
1) жүгүртүүсү чектелген, өзгөчө контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын I тизмеси;
2) жүгүртүүсү чектелген, контролдоонун жалпы чаралары көрүлүүгө тийиш болгон баңгизат каражаттарынын II тизмеси;
3) препараттары белгиленген тартипте айрым контролдоо чараларынан бошотулган баңгизат каражаттарынын II тизмеси;
4) Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган, адамдарга колдонууга тыюу салынган баңгизат каражаттарынын IV тизмеси;
5) Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган, адамдарга колдонууга тыюу салынган психотроптук заттардын I тизмеси;
6) жүгүртүүсү чектелген, контролдоонун өзгөчө чаралары көрүлүүгө тийиш болгон психотроптук заттардын II тизмеси;
7) жүгүртүүсү чектелген, контролдоонун жалпы чаралары көрүлүүгө тийиш болгон психотроптук заттардын III тизмеси;
8) препараттары белгиленген тартипте айрым контролдоо чараларынан бошотулган психотроптук заттардын IV тизмеси;
9) баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорунун тизмеси;
10) прекурсорлордун тизмеси (1 жана 2-таблицалардан турат);
11) прекурсорлордун тизмесине киргизилбеген, бирок чектелген контролдонууга тийиш болгон (прекурсорлорго чейинки жана прекурсорлорду алмаштыруучулар) запардын тизмеси;
12) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун камтыган тирүү организмдердин тизмеси.
3. IV тизмеге киргизилген баңгизат каражаттары I тизмеге да киргизилет, ал эми IV тизмеге киргизилген психотроптук заттар да III тизмеге да киргизилет.
6-берене. Заттарды баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга, алардын аналогдоруна жана прекурсорлоруна, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерге киргизүүнүн критерийлери
Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмегин даярдоодо жана бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкү критерийлерди жетекчиликке алат:
1) баңгизат каражаттарына жана психотроптук заттарга киргизүү:
а) синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон зат социалдык маанилүү масштабдарда психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларга алып келет;
б) зат 1961-жылдагы Баңгизат каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын же 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдердин тизмелерине киргизилген;
2) баңгизат каражаттарынын .жана психотроптук заттардын аналогдоруна киргизүү:
а) синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон зат социалдык маанилүү масштабдарда психикалык жана жүрүм-турумдук бузулууларга алып келет;
б) синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон зат өзүнүн химиялык түзүмү боюнча баңгизат каражатынын же психотроптук заттын аналогу болуп саналат жана (же) анын психоактивдүү таасирин кайра пайда кылат;
3) баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды прекурсорлорго киргизүү:
а) зат көбүнчө баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоодо пайдаланылат;
б) зат 1988-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө Конвенциясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдердин таблицаларына киргизилген;
4) прекурсорлордун тизмесине киргизилбеген, бирок чектелген контролдонууга тийиш болгон заттарды тизмекке киргизүү:
а) зат баңгизат каражаттарынын же психотроптук заттардын прекурсорго чейинки же прекурсорлорун алмаштыруучу болуп саналат;
б) Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитеттин сунуштамаларын аткаруу;
5) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган жандуу организмдерге киргизүү:
а) жандуу организм бир же бир нече баңгизат каражатын, психотроптук затты, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыйт;
б) жандуу организм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин тизмелерине киргизилген.
3-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоонун негизги чаралары
7-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү тыюу салуучу чаралар
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тиешелүү укугу, лицензиясы жана (же) уруксаты жок аларды жүгүртүү (анын ичинде иштеп чыгуу) боюнча иш-аракеттерге;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү уруксат берүүчү документтеринин негизинде алардын үлгүлөрүн жөнөткөндөн башка учурларда, аларды почта, анын ичинде эл аралык жөнөтүүлөр аркылуу жөнөтүүгө;
3) жарнамага.
2. IV тизмеге киргизилген баңгизат каражаттар, I тизмеге киргизилген психотроптук заттар, баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдору, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдер медициналык жана ветеринардык максатта колдонууга тыюу салынат жана дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын мамлекеттик реестрине киргизилбейт.
3. Мыйзамдуу жүгүртүүдөгү препараттарга карата аларда камтылган баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга жана алардын аналогдоруна карата ошол эле чаралар колдонулат. Эгерде препарат Тизмекке киргизилген эки же андан ашык затты камтыса, ага карата кыйла катуу контролдонууга тийиш болгон зат үчүн белгиленген контролдоо чаралары колдонулат.
8-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү милдеттендирүүчү чаралар
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү милдеттендирүүчү чаралар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) квоталоо;
2) лицензиялоо;
3) эсепке алуу;
4) отчеттуулук;
5) реестрлер.
9-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү чектөөчү чаралар
I, II жана III тизмелерге киргизилген баңгизат каражаттарын (IV тизмеге киргендерди кошпогондо), ага барабар II, III жана IV тизмелерге киргизилген психотроптук заттарды пайдалануу медициналык, ветеринардык, илимий жана соттук-эксперттик максаттар менен гана чектелет.
10-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү субъекттери
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Ортомчулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин атынан жана алардын тапшырмасы боюнча (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды кошпогондо) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишке көмөк көрсөтүүчү иш-аракеттерди жасоого укуктуу.
11-берене. Медициналык, ветеринардык, илимий жана соттук-эксперттик максатта керектөө үчүн багытталган баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын санына мамлекеттик квоталар
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жыл сайын медициналык, ветеринардык, илимий, жана соттук-эксперттик максаттарда керектөө үчүн арналган баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын санына мамлекеттик квоталарды бекитет.
2. Квоталарды даярдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Медициналык жана ветеринардык, соттук-эксперттик максаттарда, илимий пайдалануу үчүн арналган баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын санына мамлекеттик квоталар жыл ичинде өзгөрүшү мүмкүн.
12-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо жана лицензиялык контролдоо
1. Кыргыз Республикасында, ыкчам издөө, контрчалгындоо, кылмыш-жаза процессуалдык иштин алкагында жүзөгө ашырылуучу чараларды кошпогондо, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо, бөлүштүрүү, ташып келүү, ташып чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө лицензияланууга тийиш.
2. Бул чөйрөдөгү ишти лицензиялоо жана лицензиялык контролдоо лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш жөнүндө отчеттуулук
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнүн субъекттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында отчет берет.
14-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү эсепке алуу жана инвентаризациялоо
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнүн субъекттери алардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды чогултууну, каттоону жана жалпылоону жүзөгө ашырууга, квартал сайын инвентаризациялоону жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Тизмекте көрсөтүлгөн заттардын белгилүү бир датага карата эсепке алуу маалыматтары менен иш жүзүндөгү айырмачылыгы болгон учурда, инвентаризациялоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө маалымдалат.
15-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин мамлекеттик реестри
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте төмөнкүлөрдүн реестрлери (маалыматтар базасы) түзүлөт жана жүргүзүлөт:
1) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин;
2) лицензиялардын жана уруксаттардын.
2. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
3. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлеринин бир катар маалыматтарына жеткиликтүү болуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте чектелиши мүмкүн.
16-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пайдалануу
1. Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдер ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдө пайдаланылышы мүмкүн:
1) медициналык жана ветеринардык максаттарда;
2) окутуу ишин камсыз кылуу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн, анын ичинде илимий коллекцияларда;
3) адистештирилген кинологиялык борборлордо окуу процессин камсыз кылуу үчүн;
4) ыкчам издөө же контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө;
5) тергөө аракеттерин, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө, ошондой эле тиешелүү соттук экспертизалардын өндүрүшүндө;
6) баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын каттоо процессинде;
7) дары каражаттарын өндүрүүдө;
8) өндүрүштүк максаттарда.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пайдалануу тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
17-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо режими
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Тизмектеги ар бир тизме боюнча белгиленет.
2. Контролдоо режиминин түрлөрү:
1) жүгүртүүгө тыюу салуу;
2) өзгөчө контролдоо;
3) жалпы контролдоо;
4) контролдоонун айрым чараларынан бошотуу.
3. Контролдоо режимин белгилөөдө мыйзамдуу жүгүртүү үчүн билдирилген баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын өлчөмдөрү же болбосо баңгизат каражаттарынын прекурсорлорунун жана психотроптук заттардын өлчөмдөрү жана концентрациясы да эске алынат.
4. 2-таблицага киргизилген баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлоруна караганда, 1-таблицага киргизилген баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору кыйла катуу контролдонууга тийиш.
5. Прекурсорлордун таблицасына киргизилбеген, бирок чектелген контролдоого тийиш болгон заттарга беш жыл ичиндеги жазууларды сактоо менен предметтик-сандык эсепке алуудан тышкары, башка контролдоо чаралары көрүлүүгө тийиш эмес.
6. Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлоруна караганда, баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын аналогдору кыйла катуу контролдонууга тийиш.
7. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун 1961-жылдагы Баңгизат каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдагы БУУнун Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясынын тизмелеринде каралгандан контролдоо азыраак белгиленген башка тизмелерге киргизүүгө тыюу салынат.
18-берене. Ээси жок, ыргытылган, жоголгон (табылган) же мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди иштетүүгө карата жеке жана юридикалык жактардын аларга таандык укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартуусу
1. Жеке жана юридикалык жактардын баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга, алардын аналогдоруна жана прекурсорлоруна, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерге болгон укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартуусу, бул заттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ички иштер же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берилген учурда гана ушул укуктардын токтотулушуна алып келет.
2. Ээси жок, ыргытылган, жоголгон (табылган), же болбосо мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте андан ары мыйзамдуу жүгүртүүдө пайдаланылууга же жок кылынууга тийиш.
3. I (IV тизмеге киргизилүүгө тийиш болгон баңгизат каражаттарын кошпогондо) жана II тизмелерге киргизилген баңгизат каражаттары, II жана III тизмеге киргизилген психотроптук заттар, ошондой эле баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору мыйзамдуу жүгүртүүдө пайдаланылышы мүмкүн, эгерде:
1) алар калыбына келтирүү же кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу даражада химиялык же физикалык таасирге кабылбаса;
2) алардын жарактуулук мөөнөтү бүтпөгөн болсо;
3) алар илимий, медициналык, ветеринардык же башка баалуулуктарга ээ болсо;
4) кайра иштетилиши мүмкүн болсо.
4. Ыкчам издөө, контрчалгындоо, кылмыш-жаза процессуалдык жана соттук-эксперттик иштин жүрүшүндө өткөрүлүүчү иш-чараларды кошпогондо, төмөнкүлөрдү мыйзамдуу жүгүртүүдө андан ары пайдаланууга болбойт:
1) IV тизмеге киргизилген баңгизат каражаттарын;
2) I тизмеге киргизилген психотроптук заттарды;
3) баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорун;
4) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдерди.
5. Ээси жок, ыргытылган, жоголгон (табылган) же мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүдө пайдалануу же жок кылуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин ар бир өзүнчө учурунда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте билдирилет.
4-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруунун шарттары
19-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун даярдоо, өндүрүү жана кайра иштетүү
1. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды даярдоо жана өндүрүү жеке жана юридикалык жактардын ишканаларында баңгизат каражаттарынын же психотроптук заттардын конкреттүү түрлөрүн өндүрүүгө лицензиясы болгондо мамлекеттик квоталардын чегинде жүзөгө ашырылат.
2. Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлорун даярдоо жана өндүрүү баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлорунун конкреттүү түрлөрүн өндүрүү укугуна лицензиясы болгондо жүзөгө ашырылат.
3. Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору болуп саналбаган заттарды алуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун кайра иштетүү баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өндүрүүгө же даярдоого лицензиясы болгондо ишке ашырылат.
Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорун, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун камтыган тирүү организмдерди кайра иштетүүнүн бардыгына тыюу салынат.
4. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди өндүрүү үчүн жабдууларды даярдоо, пайдалануу жана сатып алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
20-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди ташуу
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясыз ташуу укугу ыкчам-издөө, контрчалгындоо, кылмыш-жаза процессуалдык иштердин жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга лицензиясыз берилет.
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүу чөйрөсүндөгү ишке лицензиясы бар юридикалык же жеке жактар аларды лицензиясыз (уруксатсыз) ташууга укуктуу.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун ташуунун, буга кошуп эл аралык ташуулардын, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
21-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун ташып келүү, ташып чыгуу жана транзиттөө
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу иштин ушул түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун ташып келүү, ташып чыгуу жана транзиттөө боюнча ишти лицензиялоо тышкы соода иштерин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин көрсөтүлгөн түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар экендигине карабастан, ташып келүүгө же ташып чыгууга берилген лицензия (уруксат) башка юридикалык жакка берилиши мүмкүн эмес.
Жүктүн ар бир партиясына баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун ташып чыгууга лицензиянын (уруксаттын) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет, ал ташылып келген өлкөнүн өкмөтүнө да жөнөтүлөт.
4. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген лицензиянын (уруксаттын) негизинде жүзөгө ашырылат.
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун транзиттөөнү жүзөгө ашыруунун шарттары Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын, мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык аныкталат.
5. Жеке жактар баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун тастыктоочу медициналык документтери бар болгон учурда жеке колдонуу үчүн дары каражаттары түрүндө Евразия экономикалык бирлигинин аймагы боюнча ташууну жүзөгө ашырат, документтерде жеке жактын маалыматтары, мындай каражаттардын жана заттардын, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн прекурсорлордун (коммерциялык эмес максатта) аталышы жана саны, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталган көлөмдөрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Ташып келүүгө (ташып чыгууга) лицензиясыз (уруксатсыз) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген, же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылган баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор конфискацияланууга тийиш. Конфискацияланган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун андан ары пайдалануу же жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Медициналык ветеринардык, илимий жана соттук-эксперттик максатта пайдаланууга арналган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун камтыган гуманитардык жуктөрдү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү лицензиялык-уруксат берүү системасынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген лицензиянын (уруксаттын) негизинде жүзөгө ашырылат.
22-берене. Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын атайын кампа запастары
Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын атайын кампа запастары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте түзүлөт жана пайдаланылат.
23-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун медициналык максатта пайдалануу
1. Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган баңгизат каражаттары жана психотроптук заттар, ошондой эле алардын прекурсорлору менчиктин бардык түрүндөгү, деңгээлиндеги жана формаларындагы саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө пайдаланылышы мүмкүн.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун медициналык максатта пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун адамдарга колдонуу жөнүндө чечимди врач кабыл алат, ал эми өзгөчө же согуштук абал, өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда, врачтын кабыл алуусу бар саламаттык сактоо уюмдарынан кыйла алыс жайгашкан шарттарда кечиктирилгис медициналык тез жардам же болбосо алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө - өз компетенциясынын чегинде медициналык орто билими бар адистер чечим кабыл алат.
Врачтын кабыл алуусу бар саламаттык сактоо уюмдарынан кыйла алыс турган түзүмдүк бөлүмдөрдүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш.
24-берене. Жеке жактарга рецепт менен берилүүчү баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттары
1. Жеке жактар баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын рецепт менен дарыканалардан (интернет-дарыканалардан тышкары) сатып алууга укуктуу.
2. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын белгиленген тартипте алууга болгон жеке жактын укугу дарылоочу врач тарабынан аныкталуучу көлөмдө жана ассортиментте чектелиши мүмкүн эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) жеке жактарга баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын сатып алууга рецепт жазып берүү эрежелерин;
2) жеке жактарга баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын берүү жана сатуу тартибин;
3) баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын сатып алуу укугуна рецепттерди эсепке алуу формаларын;
4) рецепт боюнча берүү отчеттуулугунун формаларын.
4. Ушул Мыйзамдагы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген эрежелерди сактабастан жазып берилген рецепт жараксыз болуп саналат.
25-берене. Ветеринарияда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун пайдалануу
1. Ветеринарияда ветеринариялык дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, ошондой эле алардын прекурсорлору пайдаланылышы мүмкүн.
2. Ветеринарияда пайдаланылуучу баңгизат каражаттарына жана психотроптук заттарга ветеринариялык дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун ветеринарияда пайдалануунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
26-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында жүгүртүү
Эркин экономикалык зоналардын аймагында Кыргыз Республикасынын бардык аймагы үчүн ушул Мыйзамда каралган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү мамлекеттик контролдоонун бирдей шарттары жана чаралары белгиленет.
27-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди соттук-эксперттик иште пайдалануу
1. Соттук-эксперттик иште бардык баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдер пайдаланылышы мүмкүн.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди соттук-эксперттик иште пайдалануунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
28-берене. Баңгизат каражаттарынын прекурсорлорун жана психотроптук заттарды, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди чарбалык жана турмуш-тиричилик иштеринде пайдалануу
Жеке жана юридикалык жактар баңгизат каражаттарынын прекурсорлорун, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди сатып алуу, сактоо, ташуу жана жок кылуу менен байланышкан иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген анча чоң эмес өлчөмдөрдө чарбалык жана турмуш-тиричилик иштеринде пайдалануу үчүн лицензиясыз жүзөгө ашырууга укуктуу.
5-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүүгө мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруучу органдар
29-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдар
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүүнү контролдоону, ушул Мыйзамга ылайык, ички иштер чөйрөсүндөгү, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү, ветеринария чөйрөсүндөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү, коргоо чөйрөсүндөгү, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү, жаза-аткаруу системасы чөйрөсүндөгү, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциясынын чегинде прокуратура органдары жүзөгө ашырат.
30-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү консультативдик-кеңеш берүүчү орган
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү менен байланышкан ишти координациялоо максатында консультативдик-кеңеш берүүчү органды түзөт жана анын мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
2. Консультативдик-кеңеш берүүчү органдын ишин уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чаралары
31-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш-аракеттери
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүүгө контролдук жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген аларды жүгүртүү тартиби бузулгандыгы аныкталган учурларда:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды өз компетенциясынын чегинде колдонот;
2) аныкталган укук бузуулар же кылмыштар жөнүндө башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалымат берет.
32-берене. Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамсыз керектелүүсү же сатылуусу үчүн жарандар массалык түрдө жүрүүчү объекттерди пайдалануу
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пайдаланууга, жарнамалоого, керектөөгө же сатылууга, уюмдун, мекеменин же ишкананын аймагында жайгашкан коомдук жайда жасалган системалуу түрдө мыйзамсыз чакыруу фактылары аныкталган жана алардын менчик ээси тарабынан каршы аракеттенүүнүн зарыл чаралары көрүлбөгөн учурда, ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарынын сунуштамасынын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мындай уюмдун, мекеменин же ишкананын ишин - үч айга чейинки мөөнөткө, календардык жылдын ичинде мындай фактылар кайталап аныкталган учурда- алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
2. Эгерде 1-бөлүктө көрсөтүлгөн чаралар колдонулгандан кийин уюмдун, мекеменин же ишкананын аймагы баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын аналогдорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин керектелүүсү, же болбосо сатылуусу үчүн пайдаланыла берсе, анда тиешелүү укук коргоо органынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы юридикалык жакты жоюу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
33-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган жапайы өсүүчү (жашоочу) тирүү организмдерди жок кылуу боюнча чаралар
Жер участокторунун менчик ээлери, жерди пайдалануучулар жана имараттардын жана орун жайлардын ижарачылары алардын участогунун (имаратынын же орун жайынын) чегинде өскөн (жашаган) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган жапайы өсүүчү (жашоочу) тирүү организмдерди жок кылуу чараларын көрүүгө милдеттүү.
34-берене. Конфискациялоо
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын аналогдору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдер, ошондой эле аларды өндүрүү жана даярдоо үчүн пайдаланылган жабдуулар жана башка каражаттар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексиндебелгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш.
7-глава. Корутунду жоболор
35-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 22-майындагы № 66 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 316-ст.);
2) "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 736-ст.);
3) "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартындагы № 40 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2010-жылдын 12-марты, № 17-18);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 156 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 942-ст.);
5) "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 26-декабрындагы № 166 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 988-ст.);
6) "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 3, 147-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 24-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |