КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин ХVIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 11-марты № 2/3
Кара-Суу айыл аймагынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин жана 2025-2026-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү:
Киреше бөлүгү:
- Теңдештирилген трансферт – 15104900 (он беш миллион бир жүз төрт миң тогуз жүз) сом.
- Жергиликтүү бюджет – 19166500 ( он тогуз миң бир жүз алтымыш алты миң беш жүз) сом.
Бюджет киреше бөлүгү: 34271400 ( отуз төрт миллион эки жүз жетимиш бир миң төрт жүз) сом
- 01.01.2024 -жылга калган калдык акча каражат бюджет- 13332400 ( он үч миллион үч жүз отуз эки миң эки жүз) сом.
- 01.01.2024-жылга калган калдык Атайын каражат – 997400 ( тогуз жүз токсон жети миң төрт жүз) сом.
Баары: 48601200 ( кырк сегиз миллион алты жүз бир миң эки жүз) сом.
Чыгаша бөлүгү:
- Башкаруу аппаратына – 20381200 ( жыйырма миллион үч жүз сексен бир миң эки жүз) сом.
- Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга Муниципалдык ишканага кайтарып берүү
- 1970000 (бир миллион тогуз жүз жетимиш) сом.
- Маданият тармагы – 4077600 ( төрт миллион жетимиш жети миң алты жүз) сом.
- Билим берүү тармагы – 3373300 ( үч миллион үч жүз жетимиш үч миң үч жүз) сом.
- Атайын каражат ата-энелерден түшүүчү взнос – 1125000 (бир миллион бир жүз жыйырма беш) сом
- Атайын каражат “Кара-Суу Муниципалдык ишканасынын” кызмат көрсөтүүсүнөн түшүүчү каражат -3344300 (үч миллион үч жүз кырк төрт миң үч жүз) сом.
Бюджет чыгаша бөлүгү: 34271400 ( отуз төрт миллион эки жүз жетимиш бир миң төрт
жүз) сом
- Башкаруу аппаратына –10463700 (он миллион төрт жүз алтымыш үч миң жети жүз) сом.
- Маданият тармагы – 1909300 ( бир миллион тогуз жүз тогуз миң үч жүз) сом.
- Билим берүү тармагы – 1229400 ( бир миллион эки жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз) сом.
- Атайын каражат ата-энелерден түшүүчү взнос-390700 ( беш) сом.
- Атайын каражат “Кара-Суу Муниципалдык ишканана”-336700 (үч жүз отуз алты миң жети жүз) сом.
01.01.2024-жылга калган калдыктын чыгаша бөлүгү: - 997400 ( тогуз жүз токсон жети
миң төрт жүз) сом.
Баары: 48601200 ( кырк сегиз миллион алты жүз бир миң эки жүз) сом менен
1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет)
2. Жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө жетишпеген каражат: 11344100 (он бир миллион үч жүз кырк төрт миң бир жүз) сом менен 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. (2-тиркемеге тиркелет)
3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жетишпеген 11344100 (он бир миллион үч жүз кырк төрт миң бир жүз) сом акча каражаты Республикалык бюджеттен суралсын.
4. 2025-жылга карата:
- Жергиликтүү бюджет- 20805500 (жыйырма миллион сегиз жүз беш миң беш жүз) сом
- Теңдештирилген трансферт – 26500000 (жыйырма алты миллион беш жүз миң) сом.
Жалпы: 47305500 (кырк жети миллион үч жүз беш миң беш жүз) сом.
2026-жылга карата:
- Жергиликтүү бюджет- 22170300 (жыйырма эки миллион бир жүз жетимиш миң үч жүз) сом
- Теңдештирилген трансферт – 26500000 (жыйырма алты миллион беш жүз миң) сом.
Жалпы: 48670300 ( кырк сегиз миллион алты жүз жетимиш миң үч жүз) сом
1. Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы
А. Аалиев, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М. Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |