Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-марты № 96
Кыргыз Республикасынын аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин, мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин, илим жана маданият ишмерлеринин жана башка адамдардын, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтыруу маселелерине карата бирдиктүү мамилени ишке ашыруу, эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды жана жанрдык шаардык скульптураларды долбоорлоо жана орнотуу жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу кызыкдар министрликтердин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эстеликтерди орнотуунун демилгечилери болуп эсептелген жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 8-мартындагы № 19 (3572) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |