Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-мартындагы № 96 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө ЖОБО
1-глава. Негизги жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасындагы эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды (мындан ары - Эстеликтер) долбоорлоо жана орнотуу процесстерин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагындагы Эстеликтерди долбоорлоонун, орнотуунун, эсепке алуунун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Ушул Жобо төмөнкүдөй маселелерди жөнгө салбайт:
1) көрүүгө жана эркин кирүүгө жабык аймактарда Эстеликтерди долбоорлоо жана орнотуу;
2) көрүстөндөрдөгү Эстеликтерди даярдоо жана орнотуу.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) жанрдык шаардык скульптура - демократиялык манерада жана шаардык чөйрөгө органикалык түрдө айкалыштыруу жана аны жандандыруу максатында постамент (подиум) орнотпостон аткарылган скульптуралык-архитектуралык композициянын өзгөчө түрү;
2) мемориалдык такта - жазуу жана (же) барельеф бар такта түрүндө жасалган жана тарыхый окуянын же көрүнүктүү инсандын элесин даректүү түбөлүккө калтыруу максатында имараттардын жана башка курулмалардын фасаддарына орнотуу үчүн арналган эстелик белгиси;
3) эстелик - тарыхый окуяга, көрүнүктүү инсанга (инсандардын тобуна) же маданий жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырына (баатырларынын тобуна) арналган, шаар түзүүчү мааниге ээ скульптуралык-архитектуралык композиция;
4) эстелик белгиси - тарыхый окуяга же көрүнүктүү инсанга (инсандардын тобуна) арналган стела, обелиск жана башка архитектуралык, скульптуралык формалар;
5) монументалдык даңазалоо планы - эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды жана жанрдык шаардык скульптураларды орнотуу жолу менен мамлекеттин идеологиялык жоболорунан чыгып өзүнчө алынган калктуу конушта же администрациялык-аймактык бирдикте монументалдык даңазалоо жаатындагы иштер боюнча мамлекеттик план;
6) эскиздик долбоор - жер участогунда объектти оптималдуу жайгаштырууну тандоого жана андан ары долбоорлоо үчүн шарттарды жана талаптарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр менен объекттин негизги функционалдык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик параметрлерин аныктоочу келечектеги объект жөнүндө жалпы түшүнүк берүүчү долбоордук чечимдердин баштапкы баскычы.
5. Эстеликтерди долбоорлоо, даярдоо жана орнотуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
6. Монументалдык даңазалоонун республикалык планына киргизилбеген, шаар куруу документтерине, жер пайдалануу жана куруу эрежелерине, ошондой эле ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген Эстеликтерди орнотууга жол берилбейт.
7. Эстеликтерди бир администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында кандай болбосун жолу менен Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, илим, маданият ишмерлеринин жана башка адамдардын, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтырууга бир жолу жол берилет.
8. Кыргыз Республикасына же администрациялык-аймактык бирдикке белекке берилүүчү эстеликтер ушул Жободо каралган бардык жол-жоболорду сактоо менен орнотулушу мүмкүн.
2-глава. Эстеликтерди орнотуу жөнүндө маселелерди кароонун жана чечүүнүн тартиби
9. Эстеликтерди орнотуу жөнүндө демилгечилердин сунуштары тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан каралат, ал жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.
10. Комиссия демилгечилерден келип түшкөн төмөнкүдөй документтерди карайт:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин, 100дөн (жүздөн) кем эмес демилгечилерден турган жарандардын тобунун өтүнүчү;
2) тарыхый же тарыхый-биографиялык маалымкатты, окуянын аныктыгын же элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын сиңирген эмгегин ырастаган архивдик документтердин көчүрмөлөрүн, мемориалдык тактадагы жазууда камтылган фактыларды, ошондой эле элесин калтыруу түбөлүккө зарылдыгын ырастаган маалыматтарды;
3) объектинин жайгашкан жери жана анын курулушунун өлчөмү жана мүнөзү белгиленген карта-схеманы;
4) элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын жашаган мезгилин көрсөтүү менен жарандын администрациялык-аймактык бирдиктин аймаганда жашаган мезгили жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын архивдик маалымкатын;
5) ушул Жобого ылайык бекитилген Эстеликтин алдын ала эскизин жана андагы жазуулар боюнча сунуштарды;
6) имараттын, курулуштун, курулманын менчик ээсинин же башка ээсинин, жер участогунун укук ээсинин Эстеликти орнотууга макулдугунун жазуу жүзүндөгү ырастамасын;
7) эгерде Эстеликти орнотуу үчүн көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу болжолдонсо, көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген тартипте алынган макулдугун берүү зарыл;
8) демилгечилердин ишти каржылоо боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
11. Ыйгарым укуктуу комиссия сунушту кароонун натыйжалары боюнча Эстеликти орнотуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө сунуштамаларды даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын бекитүүсүнө жиберет, ал Эстеликти орнотуу же аны орнотуудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
12. Эгерде Эстелик Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөбөсө, аны орнотуу жөнүндө чечим тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
13. Эстеликтерди долбоорлоону жана орнотууну баштоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын чечими саналат.
14. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Эстеликти орнотуу жөнүндө зарыл болгон чечимдерди кабыл алат.
15. Администрациялык-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан сунуштарды кароонун жана демилгечиге жүйөлүү жооп берүүнүн жалпы мөөнөтү демилгечинин сунушу келип түшкөн учурдан тартып 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
3-глава. Эстеликтерди жасоо, орнотуу жана аларды демонтаждоо
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди жана башка мемориалдык курулмаларды кошпогондо, Эстеликтерди жасоо жана орнотуу жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугун массалык чогултуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
17. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде Эстеликтерди орнотуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү мыкты эскиздик долбоорго алдын ала өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.
Ар бир конкурсту өткөрүүнүн тартиби мамлекеттик орган, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилет.
18. Тизмеги Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештери тарабынан белгиленген ушул шаарлардын көчөлөрүнө же болбосо парктарына жана скверлерине, ошондой эле тарыхый жана маданий эстеликтердин коргоо зоналарына орнотуу максатында конкурска берилген Эстеликтердин конкурстук долбоорлору эки жумадан кем эмес убакытта биргелешип көргөзмөгө коюлууга тийиш:
- эркин кирүүгө болгон көргөзмөгө;
- конкурс жарыялаган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий баракчасына;
- социалдык тармактардын биринин расмий баракчасына жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий сайттарына.
Республикалык маанидеги шаарларда Эстеликтерди орнотууга мүмкүн болгон көчөлөрдүн тизмеси шаар куруу документтерине ылайык жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
19. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин комиссиясы конкурста жеңип чыккан эскиздик долбоорду 30 календардык күндүн ичинде шаар куруу документтерине шайкештигине мамлекеттик экспертизадан өткөрүү үчүн, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көркөм эксперттик кеңеши тарабынан бекитүүгө жөнөтөт.
20. Кыргыз Республикасынын маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көркөм эксперттик кеңеши, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген мыкты эскиздик долбоорго конкурстун жыйынтыгынын негизинде конкурстун жеңүүчүсү тарабынан жумушчу долбоор иштелип чыгышы мүмкүн.
21. Долбоорду жана Эстеликтер орнотулуучу ордун макулдашууда төмөнкү талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүү;
2) Эстеликти жер участогуна жайгаштырган учурда учурдагы шаар куруу кырдаалын, айланадагы курулуштарды жана шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жайгаштырууну милдеттүү эсепке алуу;
3) мемориалдык тактанын өлчөмү жайгаштырылуучу маалыматтын көлөмү менен аныкталат жана алар орнотулуп жаткан имаратка, курулушка, курулмага шайкеш келүүгө, бирок 900*600 мм өлчөмүнөн ашпоого тийиш;
4) мемориалдык тактаны имараттын, курулуштун жана курулманын фасадына жайгаштырууда мурда орнотулган объекттердин бар экендиги эске алынат. Мемориалдык тактанын жанында мемориалдык тактанын жанында мемориалдык тактанын тексти менен байланышпаган башка маалыматтар (мекемелердин көрнөктөрү, жарнактар, кулактандыруулар ж.б.) болбоого тийиш;
5) мемориалдык такта жерден эки метрден кем эмес бийиктикте, жакшы көрүнгөн жерге орнотулууга тийиш;
6) Эстеликтерди жайгаштырууда мурда орнотулган объекттердин болушу эске алынат жана алардын ортосундагы аралык 1000 метрден кем эмес радиуста сакталат.
22. Эстеликтер белгиленген тартипте макулдашылган эскиздик долбоорлор боюнча бышык материалдардан (табигый таш, металл, эритме, тышкы таасирлерге туруштук берген башка материалдар) жасалат.
23. Тарыхый окуянын мааниси, инсандын сиңирген эмгеги же баатырдын маанилүүлүгү мемориалдык тактада көркөм аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдердеги кыскача текстте чагылдырылат. Чет тилиндеги жазууну колдонууга жол берилет.
24. Мемориалдык такталардын композициясына тексттен тышкары унутулгус окуяларды, декоративдик элементтерди чагылдырган портреттик же стилдештирилген сүрөттөлүштөр киргизилиши мүмкүн.
25. Эстеликтердин архитектуралык-көркөм чечими алар орнотула турган жердин мүнөзүнө, алар жаңы элемент катары киргизилип жаткан чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбеши керек.
26. Эстеликтерди демонтаждоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) Эстеликтерди оңдоо жана реставрациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө;
2) Эстеликтер толук бузулганда жана оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүн болбогондо;
3) мемориалдык такта орнотулган имарат, курулуш жана курулма бузулганда;
4) Эстелик өзүм билемдик менен орнотулган объект катары таанылган учурда.
27. Кароонун зарыл болгон жол-жоболорунун комплексинен өтпөстөн өзүм билемдик менен орнотулган эстеликтер өзүм билемдик менен орнотулган объекттер болуп саналат жана ушул Жободо каралган тартипте демонтаждалууга тийиш.
Бул учурда демонтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү боюнча чыгымдар Эстеликти орнотуунун демилгечилери тарабынан каржыланат.
28. Баланс кармоочу Эстеликти демонтаждаганда анын сакталышын жана оңдоо-реставрациялоо иштери аяктагандан кийин мурдагы ордуна орнотулушун камсыз кылат.
29. Мемориалдык такталарды монтаждоо, демонтаждоо боюнча иштердин жүрүшүндө алар орнотулган имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын декоративдик элементтерин бузууга же жок кылууга жол берилбейт.
4-глава. Эстеликтерди сактоонун жана эсепке алуунун тартиби
30. Имаратка, курулушка жана курулмага орнотулган мемориалдык такта анын ажырагыс көркөм-архитектуралык элементи болуп саналат.
Оңдоо иштери аяктагандан кийин имараттардын фасаддары талаптагыдай абалда сакталууга тийиш.
31. Муниципалдык аймакта жайгашкан Эстеликти муниципалдык башкарууга өткөрүп берген учурда муниципалдык кызматтар тарабынан андан аркы учурдагы күтүү үчүн курулушу бүткөн Эстеликти тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү акты менен кабыл алуу жол-жобосу милдеттүү.
Муниципалдык аймакта орнотулган Эстеликтер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикти башкаруусуна өткөрүлүп берилет, алар эсепке алат, бирдиктүү реестр түзөт, белгиленген эстеликтерди коргоону, күтүүнү жана оңдоону жүзөгө ашырат.