ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын
2024-жылдын 22-февралы №11
Токтогул шаарынын аймагында жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча комиссия курамына депутаттарды кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаарынын аймагында жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу боюнча комиссия курамына төмөндөгү депутаттар кошулсун:
1) Умарова Курманжан Эрнстовна – “Ынтымак” саясий партиясынан депутат;
2) Муратбек уулу Эрчитбек – “ Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутат;
2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
4. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Т. Борбугулов |