Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын

 

2024-жылдын 22-февралы №12

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 17.07.2023-жылдагы кезектеги XV сессиясынын № 34 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 17.07.2023-жылдагы кезектеги XV сессиясынын №34 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы, токтом кылат:

 

1.     “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутат Нургазы уулу Кыязбек, “Ишеним” саясий партиясынан депутат Осмонкулова Гулзада Абдылдаевна депутаттык ыйгарым укуктарын өз арыздарынын негизинде токтотконду белгиленсин.

 

2.     Ага ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын № 34 токтомунун 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-        2-пунктчасы боюнча - Турсунбекова Лаззат Эркинкалыевна “Маданият, билим берүү, медицина, санитардык абал, экологияны коргоо, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун;

-        4-пунктчасы боюнча – Муратбек уулу Эрчитбек “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун;

 

-        “Тынчтык” саясий партиясынан депутат Токтосунов Рысбек Райымбекович “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп шайлансын

 

3.     Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

4.     Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

5.     Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

6.     Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 07.02.2024-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 09 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

М.Т. Борбугулов