Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-январы № 1842-VII
Жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө
Маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен бирге, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле, Кыргыз Республикасы да жаңы коркунучтарга жана тобокелдиктерге, атап айтканда, интернет-дүкөндөр, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу баңгизаттардын жайылуусуна дуушар болду. Социалдык тармактарды пайдалануу күч алып, ага ылайык интернетте байланышсыз сатып алуулар барган сайын активдүү жана жеткиликтүү болуп баратат.
Баңгизат каражаттарынын балдар жана жаштар арасында жайылуусунун алдын алуу боюнча натыйжаларга жетүү максатында, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду колдонуу өсүп келе жаткан муундун саламаттыгына олуттуу зыян алып келип жаткандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түзүмүндө маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү ыкмаларын иштеп чыксын жана өркүндөтсүн;
- Интернет тармагында баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселеси боюнча системалуу талдоо жүргүзсүн жана жаңы каражаттарды жана ыкмаларды иштеп чыксын;
- веб-сайттарда жана мессенджерлерде баңгизат каражаттарын сатуу тууралуу жарнамаларга өз убагында бөгөт коюу боюнча комплекстүү механизм иштеп чыксын;
- синтетикалык баңгизат каражаттарын, психоактивдүү заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү (алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу) боюнча уюштуруучулук жана укуктук актыларды өркүндөтүү чараларын көрсүн;
- күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарынын тизмегине кылдат изилдөө жүргүзсүн жана актуалдаштырсын;
- дарыканалардан күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарынын рецепт менен берилүүсүн контролдоону камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыксын;
- психотроптук, баңгизат каражаттарын, алардын аналогдорун жана препараттарды рецептсиз сатуучу жактардын жоопкерчилигин күчөтсүн;
- билим берүү мекемелеринде окуучулардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого багытталган программаларды жаңыласын;
- балдардын жана жаштардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого, сергек жашоо образын жана спортту пропагандалоого жана аны ишке ашыруу боюнча чараларга багытталган программаны иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик наркологиялык реабилитациялык борборун түзсүн;
- Кыргыз Республикасында баңгиликтин жайылуусуна жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик жана коомдук органдардын, илимий уюмдардын, эксперттик коомчулуктун катышуусунда жумушчу топ түзсүн;
- ушул токтомдо көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине квартал сайын маалымат берип турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө Баңгизаттарды контролдоо агенттиги катары киргизүү сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жана Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н.Т.Шакиев |