ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-февралы № 06
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Оро айылдык кенешинин 11- чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы, Кыргыз Республиксынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги кабыл алынган № 154-НИ “Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү” буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Оро айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо тууралуу материалдарын карап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Оро айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо материалдарынын жыйынтыгында оңдоо-түздөө иштерине киргизилген өзгөртүүлөр бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Мотуев |