ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-февралы № 7
КБФнын жерлерин аукционго коюу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Э.Сураповдун КБФнын жерлерин аукционго коюу жөнүндөгү сунушун талкуулап, тактап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүндөгү мөөнөтү бүткөн КБФнын жерлерин аукционго коюуга уруксат берилсин.
2. Аукционго коюулуучу жерлердин контурлары такталып, жарыяга берилген баштапкы баасы бекитилсин жана райондук мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Сураповго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Тикеме 1 баракта
Төрага |
| Б.Мотуев |
|
| Оро айылдык кеңешинин 2024- жылдын 13-февралындагы № 7 токтому менен бекитилген |
Оро айыл өкмөтүндө төмөнкү контурлардагы жер аянттары 2024-жылга ижарага берүү үчүн аукционго коюлат.
Лот № | Контур № | Аянты (га) | Ижара мөөнөтү |
1 | 186-183 | 13,5 | 5жыл |
2 | 150 | 2,0 | 5жыл |
3 | 271 | 1,8 | 5жыл |
4 | 267 | 0,5 | 5жыл |
5 | 289 | 20 | 5жыл |