Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 13-февралы № 10

 

Маданият үйүнүн алдына эстелик коюуга уруксат берүү жөнүндө

 

Оро айылдык кенешинин 11- чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы, Кыргызстан айылынын тургуну А.Кокумовдун атасынын эстелигин Кокумов Райкан атындагы айылдык маданият үйүнүн алдына коюуга уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап, тактап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы Кокумов Райкан атындагы маданият үйүнүн имаратынын алдына маркум атасынын эстелигин коюу жөнүндөгү уулу Кокумов Азисбектин арызы канааттандырылсын.

 

2. Эстеликти коюуга жер аянтын карап чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жана жер адиси Э.Сураповго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Б.Мотуев