ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-февралы № 13
Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин эски имаратына бала бакча ачуу жөнүндө
Оро айылдык кенешинин 11- чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин жаңы имараты бүтүп пайдаланууга берилгендигине байланыштуу, аталган мектептин эски имаратына бала бакча ачуу тууралуу маселени карап чыгып, талкуулап, тактап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин жаңы имараты бүтүп пайдаланууга берилгендигине байланыштуу, аталган мектептин эски имаратына бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2. Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин имаратын бала бакча ачууга багытын өзгөртүү, деффекттик актыларын түзүү тууралуу тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомсдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Б.Мотуев |